МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-августу № 2
Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Мин-Булак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 1039347 сом акча каражатынын калгандыгы эске алынсын
2. Айыл аймагына караштуу ТЖК бөлүмүнөн ички арыктарга лоток сатып алууүчүн чыгашадан ашкан кирешеден 1039347 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Койчубаев |