Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 58
2023-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрүн чогултуу жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын 01.12.2022-жылдын №06/1707 сандуу кайрылуусунун негизинде, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрү чогултулсун.
2. Токтомдун аткарылышы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиева жана киреше боюнча башкы адис А.Орозбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |