Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-ноябры № 1
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан К.Акназаровдун 100 жылдык мааракесине иш-чара өткөрүүгө келе турган акча каражатын колдонуу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2022-жылдын 14-ноябрындагы кезексиз 10-сессиясы Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын аталган маселе боюнча сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан К.Акназаровдун 100 жылдык мааракесине иш-чара өткөрүүгө келе турган 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты ушул иш-чарага жумшалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппарат бөлүмүнө (атайын каражат) кошумча киреше жана чыгаша булагына тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы финансы комиссиясынын төрагасы М.Арыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |