Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 258/36-8
Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмү, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы жана Талас жылуулук менен жабдуу ишканасынын, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары жөнүндө маалыматтарынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас жылуулук менен жабдуу ишканасынын, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |