Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-августу № 161
Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 71-1-берене менен толукталсын:
"71-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү
1. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү адам ушул Кодекстин 177-беренесинде каралган кылмышты жасаган учурларда сот тарабынан дайындалат.
2. Оңдоп-түзөөчү программанын мазмуну жана аны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 82-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168, 172, 173-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;";
3) 83-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү;";
4) 130-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту "мүчөсүнө" деген сөздөн кийин "же ага теңештирилген адамга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга карата жасалса, же этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе;";
5) 156-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы "айып салууга, же" деген сөздөрдөн кийин "эки жылдан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "балага" деген сөздөн кийин "жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 177-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"177-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук
Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата анын дене боюн же психикасын жабыркаткан, же болбосо ден соолукка анча оор эмес залал алып келүүчү дене бойго же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген атайын жасалган ар кандай аракеттери -
кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Кылмыш жасаган адам ушул Кодекстин 71-1-беренесине ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүгө тийиш.";
7) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамды же баланы же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды баккан адам жана түздөн-түз эмгекке жарамсыз адамдын өзү же жашы жете элек адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 39-1-берене менен толукталсын:
"39-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү
1. Оңдоп-түзөөчү программа - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча программа.
2. Оңдоп-түзөөчү программанын мазмуну жана аны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Адам ушул Кодекстин 70-беренесинде каралган укук бузууну бир жылдын ичинде эки жолу жасаган учурда, сот ушул Кодекстин 572-1-беренесинде белгиленген тартипте оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонууга укуктуу.";
3) 51-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51-берене. Коомдук иштер, камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын алмаштыруу
1. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык коомдук иштер түрүндөгү жаза чарасын дайындоо мүмкүн болбогон учурда, сот жаза чарасынын бул түрүн берененин санкциясында каралган жаза чарасынын башка түрү менен алмаштырат, ал эми жаза чарасынын башка түрү жок болгондо же аны дайындоо мүмкүн болбогондо, коомдук иштер 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул салуу менен алмаштырылууга тийиш.
2. Ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын дайындоо мүмкүн болбогон учурда, сот бул жаза чарасынын түрүн берененин санкциясында каралган жаза чарасынын башка түрү менен алмаштырат, ал эми жаза чарасынын башка түрү жок болгондо же аны дайындоо мүмкүн болбогондо, камак 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул менен алмаштырылууга тийиш.
3. Коомдук иштерди аткаруудан экиден көп жолу баш тартылган учурда, эгерде аны жасагандыгы үчүн 5 суткага чейинки мөөнөткө камакка алуу каралган болсо, сот жаза чарасынын бул түрүн камакка алуу менен алмаштырат, калган учурларда айып пул салуу менен алмаштырат.
4. Жаза чарасынын бир түрүн башкасына алмаштыруу ушул Кодекстин 56-главасында каралган тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.";
4) 56-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.";
5) 57-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.";
6) 72-берененин экинчи абзацында "эскертүүгө, же болбосо" деген сөздөр алып салынсын;
7) 522-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) тобокелдиктерге баа берүү протоколун түзүүгө.";
8) төмөнкүдөй мазмундагы 529-1-берене менен толукталсын:
"529-1-берене. Тобокелдиктерге баа берүү протоколу
1. Ушул Кодекстин 70-беренесинде каралган укук бузуулар аныкталганда, укук бузуу жөнүндө протокол түзүү менен катар, ыйгарым укуктуу орган тобокелдиктерге баа берүү протоколун түзөт.
2. Тобокелдиктерге баа берүү методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
9) төмөнкүдөй мазмундагы 572-1-берене менен толукталсын:
"572-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепетти аткаруу
1. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепет пробация органы тарабынан соттун токтомунун негизинде аткарылат.
2. Жаза чарасынын негизги түрү аткарылгандан кийин зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепети белгиленген адам зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүгө милдеттүү.
3. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепет белгиленген адамды контролдоо төмөнкү ыйгарым укуктуу органдарга жүктөлөт:
1) пробация органы, коомдук иш түрүндөгү жаза чарасын дайындоодо;
2) ички иштер органы, камак түрүндөгү жаза чарасын дайындоодо.
4. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан милдеттүү өтүүдөн баш тарткан адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.".
3-берене.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:
"2-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ишин координациялоо - ыйгарым укуктуу органдын системалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн түзүүгө жана камсыз кылууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча макулдашылган жана туруктуу механизмди колдоого алууга багытталган иши;
2-2) оңдоп-түзөөчү программа - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматташууга, коммуникацияга жана маалымат алмашууга негизделген жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган системалуу биргелешкен иши;
3-2) тобокелдиктерге баа берүү - үй-бүлөлүк зомбулуктун улануу же кайталанып жасалуу, аны жасаганда оор жана өзгөчө оор кесепеттердин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгүнө баа берүү;";
в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам;";
г) 5-пункт "атайылап аткарбоо" деген сөздөрдөн кийин ", ченемдүү жашоо жана өнүгүү үчүн зарыл болгон тамак-аш, турак жай жана башка шарттар менен камсыз кылуу укуктарын чектөө, медициналык жардам алууга тоскоолдук кылуу, балдардын дене бой, психологиялык, экономикалык муктаждыктарын ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) канааттандырбоосу, аларды коркунучтан коргобоо, балдардын негизги жалпы билим алууга болгон укуктарын чектөө, эгерде ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) мүмкүнчүлүгү жана аны алууга жеткиликтүүлүгү болуп туруп, балдардын медициналык жардам алуусу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди көрбөөсү" деген сөздөр менен толукталсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) куугунтуктоо - адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунучту туудурган, куугунтук жасаган адам менен бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум;";
ж) 7 жана 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамга же балага, же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек адамдын түздөн-түз өзүн багууга колдоо көрсөтүүчү адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда тургандардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, үй-бүлөлүк-тиричилик чөйрөсүндө укук бузуулардын санын жана кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо коркунучун түзүүчү жана аны жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга багытталган социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, экономикалык, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1) түз жана кыйыр байланышуулар - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын өзү сыяктуу эле, анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен башка адамдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу телефон (чалуулар, билдирүүлөр) жана/же электрондук байланыш (мессенджерлер, электрондук почта, социалдык тармактар) аркылуу дене бойго жакындоо, байланышуу же байланышуу аракеттери;";
и) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) психологиялык зомбулук - кемсинтүү, жүрөк заада кылуу, шылдыңдоо, чочутуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы гана болбосун түрү менен коркутуу, коркутуу аркылуу адамды анын укугуна кирген кандайдыр бир аракеттерди жасоого же жасабоого мажбурлоо, өмүргө коркунуч туудурган же психикалык, дене бой саламаттыгынын бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо, жашы жеткен адамдардын пикир алышуу, анын ичинде балдар менен пикирлешүү укугун чектөө, адамдын өзүнө таандык документтерди пайдалануу укугун чектөө, анын ичинде документтерди жок кылуу, бузуу же жашыруу жолу менен чектөө;";
к) 10-пункт "коркунучу," деген сөздөн кийин "куугунтуктоосу," деген сөз менен толукталсын;
л) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) дене бой зомбулугу - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене бой аркылуу таасир этүүсү, жашоо үчүн маанилүү функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн, тамак-аштан, турак жайдан, кийимден ажыратуу же чектөө, ары-бери жүрүү эркиндигинен ажыратуу же чектөө, оор кара жумушка мажбурлоо;";
м) 14-пункт "иш жүзүндөгү тарбиялануучулар" деген сөздөрдөн кийин "алар бирге жашаган фактыга карабастан" деген сөздөр менен толукталсын;
н) 15-пункт "пайдалануусу" деген сөздөн кийин "анын эмгекке болгон укугуна, кесипти жана иштин түрүн тандоо эркиндигине тыюу салуу же чектөө;" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-беренеде:
а) 2-бөлүк "Ушул Мыйзамдын колдонулушу" деген сөздөрдөн кийин ", бирге жашаган фактысына карабастан," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун өзгөчөлүктөрү жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.";
3) 4-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүдө жана кызмат көрсөтүүдө укук коргоочулук мамиле;";
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам кылмыш-жаза мыйзамдары же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону камсыздоо;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) балдарды жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын жардам алуусунун ыктыярдуулугу;
10) кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдардын, аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын, улгайган адамдардын өзгөчө муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алуу.";
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден кечиктирилгис укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер тарабынан алардын компетенциясынын чегинде коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга;
3) убактылуу коргоо ордерин алууга;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекет тарабынан кепилденген консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен иштөөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге белгилүү болуп калган жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугуна;
6) мүмкүнчүлүк бар болгондо жардам көрсөтүүчү адисти тандоого;
7) убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө социалдык өнүктүрүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоодон баш тартууга.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган укук балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга жайылтылбайт.";
5) 6-беренеде:
а) 1 жана 2-пункттардагы ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын:
"9-1) пробация органдары;
9-2) жазаларды аткаруучу органдар;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;";
г) 15-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) башка органдар жана уюмдар өз компетенциясынын чегинде.";
6) 7-беренеде:
а) аталышында жана биринчи абзацта ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын ишин координациялоонун тартибин аныктайт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын:
"9-1) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитет;
9-2) укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну жүзөгө ашырат;";
7) 8-беренеде:
а) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пунктта "иштеп чыгууну координациялайт" деген сөздөр "иштеп чыгууга катышат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабын аныктоого, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү прогресске жана көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугуна көз салууга багытталган улуттук изилдөөлөрдү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү демилгелейт;";
г) 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин отчет берүүсүн жана түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт, ага каршы күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;
3-2) кварталына бир жолудан кем эмес өз сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жайгаштырат;";
9) 10-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-пункттар менен толукталсын:
"1-1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү стандарттарын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат жана бекитет;
1-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кварталына бир жолудан кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө ведомостволук маалыматты жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн сайтында жайгаштырат.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен контролдоону жүзөгө ашырат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча сот актыларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт;";
- 4-7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 - 7-3-пункттар менен толукталсын:
"7-1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартат;
7-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды укук бузуулар үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартат;
7-3) укук бузуунун кошумча укуктук кесепети катары ал дайындалган адамдардын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүсүн пробация органдарында контролдойт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоо үчүн техникалык каражаттарды колдонуунун түрлөрү жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 11-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн консультативдик-алдын алуу борборлорунун, социалдык кызматтардын жана баш калкалоочу жайлардын иштөө стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;";
- 4-пункт "коргоо маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына," деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерге," деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта "жана аларды киргизүү боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына көмөк көрсөтөт" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта "тартибин" деген сөздөн кийин "кварталына бирден кем эмес жолу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт;";
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 12-беренеде:
а) берененин аталышында "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "саламаттык сактоо органдарынын практикасына киргизет" деген сөздөр "иштеп чыгат жана бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт "өзүнүн сайтына" деген сөздөрдөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 13-беренеде:
а) берененин аталышында "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) билим берүүнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү стандарттарына толеранттуулук, гендердик теңчилик маданиятын калыптандыруу, зомбулукка жол бербөө, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, басмырлабоо, адам укуктарын урматтоо маселелерин камтыйт;";
- 10-пунктта "маалыматтарды" деген сөздөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 14-беренеде:
а) берененин аталышында "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 1-пунктта "консультациялык-укуктук жардамды, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардамды" деген сөздөр "мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-пунктта "өзүнүн сайтына" деген сөздөрдөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
14) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1 жана 14-2-беренелер менен толукталсын:
"14-1-берене. Пробация органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында пробация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча пробация органдарынын ишин уюштурат жана алардын өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзөт;
2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программалардын өткөрүү маселелерин камтыйт;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча пробация органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өз сайтына жайгаштырат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү пробация органдары:
1) пробация жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарлары үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш жөнүндө отчетторду пробация чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
14-2-берене. Мамлекеттик органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруучу ведомстволук бөлүмдөрдүн үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, соттун өкүмү менен оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүчү мажбурлоо чарасы дайындалган соттолгондор үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча ишти уюштурат;
2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, жазаны өтөп жаткан адамдарга карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү маселелерин киргизет;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
4) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруучу ведомстволук бөлүмдөрдүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишине мониторинг жүргүзөт;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
7) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруучу органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.
2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, пенитенциардык системанын мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, соттун өкүмү менен оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кылмыш-жаза-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чарасы дайындалган соттолгондор үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө отчетторду жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.";
15) 15-беренеде:
а) биринчи абзацтагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;";
в) 3-пункт "тартибин" деген сөздөрдөн кийин "кварталына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
16) 16-беренеде:
а) берененин аталышындагы "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункт "маалыматтарды" деген сөздөрдөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
17) 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана алар боюнча окутуу иштерин жүзөгө ашырат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт;
3) Адвокатуранын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иши жөнүндө маалыматты жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
2. Адвокат адвокаттык ишин жүзөгө ашырууда:
1) укуктук маселелер боюнча оозеки да, жазуу жүзүндө да консультация берет;
2) арыздарды, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзөт;
3) жарандык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышат;
4) адвокатура жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка жардамдарды көрсөтөт.";
18) төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-берене менен толукталсын:
"17-1-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чөйрөдөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды жыйноону жана талдоону жүзөгө ашырат;
2) облустардын райондору жана шаарлары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчетту ыйгарым укуктуу органга берет.";
19) 18-беренеде:
а) берененин аталышындагы "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) жергиликтүү комитеттердин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө ар жылдык отчетун ыйгарым укуктуу органга берет;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу чөйрөсүндөгү аймактык программаны иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат.";
20) 19-берененин 9-пунктунда "маалыматтарды" деген сөздөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
21) 20-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 21-беренеде:
а) берененин аталышындагы "сактоо жана коргоо чөйрөсүндө" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана бөгөт коюу боюнча маалыматтык кампанияларга катышат.";
23) 22-беренеде:
а) берененин аталышы "коргоого" деген сөздөн кийин "башка органдардын," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүүгө катышууга;";
в) 2 жана 3-бөлүктөр "коргоо боюнча" деген сөздөрдөн кийин "башка органдар," деген сөздөр менен толукталсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетторду жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.";
24) 23-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка чаралар.";
25) 24-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт "жазыктык-процесстик мыйзамдарга" деген сөздөрдөн кийин ", укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пунктта "жана узартуу" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген жана/же тобокелдиктерди баалоо протоколуна ылайык ага карата зомбулуктун чоң тобокелдиги бар адамды анын макулдугу менен коопсуз жерге же болбосо баш калкалоочу жайга токтоосуз жайгаштыруу.";
26) 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кайрылуу фактыларына чара көрүү боюнча аракеттери
1. Ички иштер органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда, ички иштер органдары жөнүндө мыйзамдарда, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган бардык чараларды көрүүгө;
2) кайсы адамдардан болбосун үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө арызды же билдирүүлөрдү кабыл алууга жана каттоого;
3) убактылуу коргоо ордерин берүү тартибин, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды кылмыш-жаза мыйзамдарына же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу тартибин түшүндүрүүгө;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга социалдык кызматтар жөнүндө маалыматты берүүгө;
5) зарыл болгон учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды медициналык мекемеге же башка коопсуз жайга жеткирүүнү уюштурууга;
6) убактылуу коргоо ордерин берүүгө жана анда камтылган шарттардын аткарылышын контролдоого;
7) балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына токтоосуз маалымдоого;
8) аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда, социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына токтоосуз маалымдоого;
9) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык мындай маалыматты берүүдөн баш тартпаса, үч күндүн ичинде социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымдоого, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам көрсөткөн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттерине маалымдоого;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен жасалган зомбулук жөнүндө маалыматты үч күндүк мөөнөттө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине жиберүүгө;
11) кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды берүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди аткарууга.
2. Ички иштер органынын кызматкери ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга ылайык жарандардын орун жайларында же аймагында өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген адамдар бар деп болжолдоого негиздер болсо, үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү үчүн ал жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
3. Тобокелдиктерди баалоо методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
27) 27-29-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-берене. Убактылуу коргоо ордерин берүү
1. Убактылуу коргоо ордери милдеттүү түрдө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан отуз күндүк мөөнөткө берилет.
2. Убактылуу коргоо ордери ички иштер органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып жатканда токтоосуз берилет. Эгерде ички иштер органына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө билдирүү аны жасоо фактысынан кийин келип түшкөн учурда, убактылуу коргоо ордери арыз алынганда токтоосуз берилет.
3. Убактылуу коргоо ордери ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан ар бир адамга карата өзүнчө берилет.
4. Ички иштер органынын кызматкери үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамды убактылуу коргоо ордеринин шарттары жана анын аткарбоонун кесепеттери менен кол койдуруу аркылуу тааныштырууга милдеттүү.
Убактылуу коргоо ордерин үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдын жеке өзүнө тапшыруу мүмкүн болбогон учурда, ички иштер органынын кызматкери тарабынан убактылуу коргоо ордерине тиешелүү белги коюлат жана ал берилген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамга тиешелүү фактыны жаздырып алууга мүмкүндүк берүүчү мобилдик байланыш, электрондук почта же мессенджерлер аркылуу кабарланат. Ушуну менен убактылуу коргоо ордери тапшырылды деп эсептелет.
5. Берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө маалымат алар берилген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адам убактылуу коргоо ордери берилгендиги жөнүндө кабардар болду деп эсептелет.
7. Убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ал берилген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоого ыйгарым укуктуу ички иштер органынын кызматкерине жиберилет.
8. Ички иштер органынын кызматкери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана убактылуу коргоо ордерин алган адам кайрылган учурда, ага зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программалардан өтүүнүн шарттары тууралуу маалымдоого милдеттүү.
9. Убактылуу коргоо ордери берилген адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү. Анын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулушун токтотпойт.
10. Убактылуу коргоо ордерин берүү, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын аракеттеринде кылмыштын жана/же укук бузуунун курамы бар болсо, аны кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликтен бошотпойт.
11. Убактылуу коргоо ордерин берүү же аны берүүдөн баш тартуу прокуратурага же болбосо сотко даттанылат.
28-берене. Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата убактылуу коргоо ордери
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, же болбосо ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине берилет.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө берилет.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын жеке өзүнө берилет, ал эми аны өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, аймактык социалдык өнүктүрүү органына берилет.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органдары тарабынан үч күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөттө социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
29-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары
1. Убактылуу коргоо ордери бир эле учурда төмөнкүдөй шарттарды карайт:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салуу;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салуу;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү оңдоп-түзөөчү программага ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү милдетин.
2. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен сотко кайрылууга укугу жөнүндө маалыматты, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу маалыматты камтыйт.
3. Убактылуу коргоо ордеринин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
28) 30-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча доо арызына убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү же аны жасаган адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча сот актысынын көчүрмөсү тиркелет.";
29) 32-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункттагы "жашы жете элек балдар менен катташуу бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
30) 35-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "35-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык жардам көрсөтүү";
31) 36-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү прокуратура жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
48-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "Мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондундагы" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 67-1-берене менен толукталсын:
"67-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү тартиби
1. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү жөнүндө талапты камтыган өкүмдү чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин анын көчүрмөсүн коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш жаза-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге аткаруу үчүн жиберет.
2. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".
6-берене.
"Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 94-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-1-пункту "жаза чаралары" деген сөздөрдөн кийин "жана кошумча укуктук кесепеттер" деген сөздөр менен толукталсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-берене менен толукталсын:
"20-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өткөрүүнүн тартиби
1. Пробация органдары үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробациянын кардарларынын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт.
2. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаны өткөрүү пробация мезгилинде жүзөгө ашырылат.
3. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү үчүн жиберилген пробациянын кардарларына болгон пробациялык көзөмөлдөө андан өтүү эрежелерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.".
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын биринчи бөлүгүнүн 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону, жазаларды жана кошумча укуктук кесепеттерди аткарууну жүзөгө ашырууга;".
8-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн соттолгон адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүүгө;".
9-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |