Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 1
Универмаг (азыркы РОВД) боюнча 2004-жылы чыккан чечимди жокко чыгаруу боюнча
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Шейшеналиевдин колу менен 2004-жылдын 6-октябрында Универмагга (азыркы РОВД) тиешелүү архивдик материалдардын жоктугуна байланыштуу 28 сотыйдан ашык жерге чыккан №279 чечимин жокко чыгаруу боюнча угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Шейшеналиевдин колу менен 2004-жылдын 6-октябрында Универмагга (азыркы РОВД) тиешелүү архивдик материалдардын жоктугуна байланыштуу деп 28 сотыйдан ашык жерге чыккан № 279 чечими Кумарбеков Эраждын суроосу менен алынган 2012-жылдын 6-декабрында алынган архивдик материалында Жумгал Райондук депутаттардын аткаруу комитетинин 1966-жылдын 10-мартында Универмаг курууга деп 10 сотый жерге №42 чечими чыккандыгынын негизинде жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А. Муталиев |