Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 2
Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндөгү №47 имараты (мурунку Универмаг) (азыркы РОВД) боюнча
Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндөгү №47 имараты (мурунку Универмаг) (азыркы РОВД) боюнча угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Шейшеналиевдин колу менен 2004-жылдын 6-октябрында Универмагга (азыркы РОВД) тиешелүү архивдик материалдардын жоктугуна байланыштуу деп 28 сотыйдан ашык жерге чыккан №279 чечими жокко чыккандыгынын негизинде жана Райондук ички иштер бөлүмү өзүнүн мурунку ордуна жаңы салынган имаратына көчүп ээсиз калгандыгына байланыштуу Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндөгү №47 имараты (мурунку Универмаг) (азыркы РОВД) Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Райондук ички иштер бөлүмү жаңы курулуп бүткөн имаратына көчүп кирери менен Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүнүн №47 де жайгашкан имарат Чаек айыл өкмөтүнүн административдик имараты катары Чаек айыл өкмөтүнүн менчиги деп табылып, Чаек айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери бир күндүн ичинде токтоосуз көчүп кирсин.
3. Актатыр айылындагы Т.Мураталиев №69 да жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн эски имараты бала бакчага (перепрофилировайтетилсин) ылайыкташтырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |