Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 3
Актатыр айылындагы Р.Сартбаев көчөсүндөгү 4-03-10-1001-2376 бирдейлештирилген каттоодо турган кыймылсыз мүлктү Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Актатыр айылындагы Р.Сартбаев көчөсүндөгү 4-03-10-1001-2376 бирдейлештирилген каттоодо турган кыймылсыз мүлктү Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Актатыр айылындагы Р.Сартбаев көчөсүндөгү 4-03-10-1001-2376 бирдейлештирилген каттоодо турган кыймылсыз мүлк бирдиги изилдөө (обследование) өндүрүш багытындагы бүтпөгөн курулуш деп көрсөтүлүп тургандыктан, Чаек айыл аймагынынт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго мидеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |