Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 7
Чаек айыл аймагынын жарандарына Чаек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча критерийлерин бекитүү жөнүндө.
2023-жылдын 3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” ПЖ № 85 на ылайык Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактары Чаек айыл аймагына бириктирилгендигине байланыштуу Чаек айыл аймагынын жарандарына Чаек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча критерийлерин бекитүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1.Чаек айыл аймагынын жарандарына Чаек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө төмөндөгүдөй критерийлер бекитилсин:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жылына бир жолу берилет.
2. “Ардактуу атуул” наамын кимдер сунуштаса болот (айылдык кеңештин депутаттары, мекемелер, айыл өкмөтү жана коомдук уюмдар).
3. “Ардактуу атуул” наамына татыктуу адамдар Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында каралып депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечилсин.
4. “Ардактуу атуул” наамы Чаек айыл аймагында 15 жылдан кем эмэс жашаган жарандарга гана берилет, мындан тышкары Чаек айыл аймагына ивестиция тартып келген, Чаек айыл аймагынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон башка жарандарга да берилет.
5. “Ардактуу атуул” наамына татыктуу адамдар үчүн Мамлекетке сиңирген эмгеги,
муниципалдык кызматта өнүгүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
сыйлыкка көрсөтүлгөн иш кагаздарынын топтому
1.Сунуш (дептутаттардын, мекемелердин жана айыл өкмөтүнүн)
2.Протокол
3.Резюме
4.Эмгек книжкасынын көчүрмөсү (күбөлөндүрүлүп)
5.Мамлекеттик сыйлыктардын көчүрмөсү
6.Паспорттун көчүрмөсү
7.Сүрөт 2 шт. 3х4 өлчөмүндөгү
8.Өмүр баян
9.Айыл өкмөттөн жашагандыгы тууралуу справка
6. Чаек айыл өкмөтүнүн, Чаек айылдык кеңешинин “Ардак грамота”сын албаган
жарандарга Чаек айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы берилбейт.
7. “Ардактуу атуул” наамы жылына 20 кишиге гана берилет
8. “Ардактуу атуул” наамы айыл чарба, маданият, спорт ж.б. башка тармактарга
өзгөчө эмгеги сиңген жарандарга, айылдык кенештин төрагасы, айыл өкмөт
башчысы менен биргеликте (экөөнө) 31-августтан тышкары убактарда 3 кишиге
берүүсүнө уруксаат берилет.
9. “Ардактуу атуул” наамы менен кошо 5000 сом акчалай сыйлыгы берилет.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |