Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 10
Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз, Беш-Терек айылдарынын жашоочуларына бөлүнүп берилип келген 1500 чарчы метр жер тилкенин ордуна азыркы учурдагы тогуз айылдын жашоочуларына бирдей аянттагы жер тилкеси бөлүнүп берүүсү жөнүндө
Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз, Беш-Терек айылдарынын жашоочуларына бөлүнүп берилип келген 1500 чарчы метр жер тилкенин ордуна азыркы учурдагы тогуз айылдын жашоочуларына бирдей аянттагы жер тилкеси бөлүнүп берүүсү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз, Беш-Терек айылдарынын жашоочуларына бөлүнүп берилип келген 1500 чарчы метр жер тилкенин ордуна азыркы учурдагы тогуз айылдын жашоочуларына бирдей аянттагы 700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |