Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 12
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын №1 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Бюджеттен
- АУПтун 2212 беренесинен ( байланыш кызматынан ) 55 000 ( элүү беш миң) сом акча каражатын, АУПтун 2215 беренесине (ар кандай чыгымдар) 55 000 ( элүү беш миң) сом акча каражатына;
- АУПтун 2214 беренесинен ( унаа чыгымдары) 268 000( эки жүз алтымыш сегиз миң) сом акча каражатынан, Чаек муниципалдык ишканасынын 2214 беренесине ( унаа чыгымдары) 268 000 ( эки жүз алтымыш сегиз миң) сом акча каражатына;
- Минбаев Эрнис атындагы бала бакчасынын 2212 беренесинен ( байланыш кызматынан ) 24 000 ( жыйырма төрт миң) сом акча каражатын, 3111 беренесине ( имараттар жана курулуштар) 24 000 ( жыйырма төрт миң) сом акча каражатына;
- Минбаев Эрнис атындагы бала бакчасынын 2211 беренесинен (иш сапар чыгымдары) 10 000 (он миң) сом акча каражатынан, Минбаев Эрнис атындагы бала бакчасынын 3111 беренесине (имараттар жана курулуштар) 10000 (он миң) сом акча каражатына;
- АУПтун 2215 беренесинен( ар кандай чыгымдар) 100000 ( бир жүз миң) сом акча каражатынан, Чаек муниципалдык ишканасынын 2221 беренесине ( имараттарды жана жайлардын учурда ондоого) 100 000( бир жүз миң) сом акча каражатына;
- АУПтун 2215 беренесинен ( ар кандай чыгымдар) 100 000 ( бир жүз миң) сом акча каражатынан, 2222 беренесине (материалдарды жана жабдууларды сатып алууга) 100 000 ( бир жүз мин) сом акча каражатына;
- АУПтун 2215 беренесинен (ар кандай чыгымдар) 50 000 (элүү миң) сом акча каражатынан, 2211 беренесине (иш сапар чыгымдары) 50 000 (элүү миң) сом акча каражатына; - жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары жылдырылсын жана багытталсын.
- Жаңы 4-конфорттуу электр тамак бышыруучу плита камсыз кылуу зарылдыгына жана кошумча тамак даярдоо идиштерин, иштен чыккан кол жуучу жайларды жакшыртуу үчүн, 3111 беренесинде каралган 280 000 (эки жүз сексен миң) сом акча каражатынан 100 000 (жүз миң) сом акча каражатты 3112 беренесине, ал эми 180 000 (жүз сексен миң) сом акча каражатты 2222 беренесине;
2. 2024-жыл башынан үнөмдөлгөн акча каражатынан
-. АУПтун 3111 беренесинен ( имараттар жана курулуштар) 1 000 000 ( бир миллион ) сом акча каражатын, АУПтун 2215 беренесине ( ар кандай чыгымдар) 1 000 000 ( бир миллион) сом акча каражатына;
- АУПтун 3111 беренесинен ( имараттар жана курулуштар) 500 000 ( беш жүз миң ) сом акча каражатын , Чаек муниципалдык ишканасынын 2222 беренесине (материалдарды жана жабдууларды сатып алууга) 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатына;
- АУПтун 3112 беренесинен (машиналар жана жабдуулар) 225 000 ( эки жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты , Чаек муниципалдык ишканасынын 3112 беренесине (машиналар жана жабдуулар) 225 000 ( эки жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатына;
- Чаек муниципалдык ишканасынын 2221 беренесине (Имараттарды жана жайларды оңдоо) 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражатынан, Чаек муниципалдык ишканасынын 2222 беренесине (материалдарды жана жабдууларды сатып алууга) 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражатына;
3. Атайын каражаттан
- Шабданбек уулу Алтынбек атындагы бала бакчанын атайын каражатынын 2218 беренесинен ( тамак азыктары) 362 900 (үч жүз алтымыш эки миң тогуз жүз) сом акча каражатын, Шабданбек уулу Алтынбек атындагы бала бакчанын атайын каражатынын 2222 беренесине (материалдарды жана жабдууларды сатып алууга) 362 900 (үч жүз алтымыш эки миң тогуз жүз) сом акча каражатына;-жылдырылсын жана багытталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |