Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-марты № 116
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 , 2025-жылдын 13-августундагы № 490, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр болуп аныкталсын:
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча;
- Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видеофиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин толук иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө техникалык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынан жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунан төмөнкү кызматтарды бир булактан алуу методу менен сатып алууну жүргүзсүн:
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча;
- Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видеофиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин толук иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча.
3) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасына жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди тездетип алууга көмөк көрсөтсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-июлундагы № 255-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругу.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |