КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-марты № 116
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө үзгүлтүксүз берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет.";
- 10-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик башкаруу органы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү, техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү.".
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы менен макулдашуу боюнча "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жайгаштырыла турган жолдордун, кесилиш жолдордун тизмегин аныктоого ыйгарым укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө техникалык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
2) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынан жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунан атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган жол кыймылынын эрежелерин бузуудан бир жолу алынган жана төлөнгөн айып үчүн 200 (эки жүз) сом баада бир булактан алуу методу менен сатып алууну жүргүзсүн;
3) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитсин.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди тездетип алууга көмөк көрсөтсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-июлундагы № 255-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругу.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |