Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-марты № 116

"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 , 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө үзгүлтүксүз берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө техникалык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;

2) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунан атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган жол кыймылынын эрежелерин бузуудан бир жолу алынган жана төлөнгөн айып үчүн 200 (эки жүз) сом баада бир булактан алуу методу менен сатып алууну жүргүзсүн;

3) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди тездетип алууга көмөк көрсөтсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-июлундагы № 255-б буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругу.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров