Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы

 

2024-жылдын 1-августу № 16

“Чаек” муниципалдык ишканасынын иштери боюнча

 

“Чаек” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

1. Чаек” муниципалдык ишканасынын айлык фондун 1384669 сомго атайын каражаттан көтөрүүгө макулдук берилсин.

 

2. Эски техникаларды Нива, шиньон, вышка-манипулятор, экскаваторду эсептен чыгаруу (списание) боюнча “Чаек” муниципалдык ишканасынын сунушуна макулдук берилсин.

 

3. “Чаек” муниципалдык ишканасына өнүктүрүү фондунан 1 мусоровоз, 1 манипулятор алганга макулдук берилсин.

 

4. Лизингден “Чаек” муниципалдык ишканасына эки трактор, соко, навесной сеялка, шаймандары менен, уу чачкычы менен, жер семирткич чачкычы менен, чым талкалаган  диск менен, андан тышкары чоң экскаватор, кичинекей экскаватор, жана бир манипулятор, планировка жасаган техника, ассенизатор алганга макулдук берилсин.

 

5. Лизингден алына турган техникалар үчүн  акча каражат чыгымдарын  төлөөгө макулдук берилсин.

 

6.  Бул   токтомдун  аткарылышын   камсыз  кылуу жагы  Чаек    айыл өкмөтүнүн   башчысы Т.Кучмуратовго  жүктөлсүн.

 

  

Төрага

А. Муталиев