Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 17
“Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмү менен Альфа телекомдун келишими боюнча Альфа телекомдун ижара акысын көтөрүү жөнүндө
“Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмү менен Альфа телекомдун келишими боюнча Альфа телекомдун ижара акысын көтөрүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмү менен Альфа телекомдун келишими боюнча Альфа телекомдун ижара акысы 15,0 (он беш) миң сомго көтөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |