Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезектеги XXVII отурумунун 18 сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № 135
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Торпок айылындагы №1 контурундагы 5 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Торпок айылындагы №1 контурундагы 5 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы, кайрак айдоо жер түрүнө караштуу жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча материалдарды карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамына ылайык:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Торпок айылындагы № 1 контурундагы 5 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына, жердин түрү “курулуш астында”, максаттык багыты газоблок, керамзит заведуй куруу үчүн жалпы аянты 5 га жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдугун берет.
2. Ак-Суу айыл өкмөтү ушул токтомду Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М. Акназаровго жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
| З.Э. Алымкулов |