Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз LII сессиясынын
2024-жылынын 01- августу № 52/1
“Көк-Жаңгак шаарындагы №2 балдар өспүрүмдөр
спорт мектебинин жаңы курулган «Бокс» залына
Рыскулов Бактыбек Джамшитовичтин атын ыйгаруу жөнундө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/1322 29.07.2024 жылдагы, №2 балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин №01-1/2 26.07.2024 жылдагы каттарынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук укук коргоо, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 30.07.2024 жылдагы № 32 протоколунун негизинде жаңы курулган «Бокс» залына Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Рыскулов Бактыбек Джамшитовичтин атын ыйгаруу боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LII сессиясы
Токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы №2 балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин жаңы курулган «Бокс» залына Рыскулов Бактыбек Джамшитовичтин аты ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоо жагы Көк-Жаңгак шаарындагы №2 балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Б.Рыскуловго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |