Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз LII сессиясынын
2024-жылынын 01- августу № 52/2
“Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак”
участкасынын сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнундө”
Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак” участкасынын 24.05.2024 жылдагы № 15 кайрылуу катынын негизинде сунушталган суу үчүн тарифтер боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LII сессиясы
Токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак” участкасы сунуштаган суу үчүн тарифтери төмөнкүдөй бекитилип берилсин:
- шаардын ичиндеги көчөлөрдөгү суучорголордон колдонулган суу үчүн 45 сомдон 65 сомго көтөрүлсүн.
- шаардагы батирлерде жана короодо жайгашкан суучоргодон колдонулган суу үчүн 60 сомдон 80 сомго көтөрүлсүн.
- күнү түнү аккан сууну колдонгон жашоочулар үчүн 120 сомдон 150 сомго көтөрүлсүн.
- коммерциялык мекемелерге 1 куб. сууга 25 сомдон 35 сомго көтөрүлсүн.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |