Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги LI сессиясынын
2024-жылынын 26- июлу № 51/1
“Көк-Жаңгак шаарынын жер фондусунун
инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнундө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/1257 23.06.2024 жылдын катынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2021 жылдын 20 октябрндагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023 жылдагы № 154-б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы «Кыргызмамжердолбоорлоо» Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Көк-Жаңгак шаарынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезектеги LI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023 жылдагы № 154-б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы «Кыргызмамжердолбоорлоо» Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Көк-Жаңгак шаарынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |