Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги LI сессиясынын
2024-жылынын 26- июлу № 51/2
“Көк-Жаңгак шаарынын 2022-2025 жылдарга карата
стратегиялык өнүгүү планынын негизинде шаар аймагындагы
көчөлөрүнө иш кагаздарын жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаарынын 2022-2025 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын негизинде шаар аймагындагы А.Исаев көчөсүнө капиталдык ремонтто жана асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздары боюнча карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги LI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жангак шаарынын А.Исаев көчөсүнө, узундугу 0,5 км. аралыкка капиталдык ремонтто жана асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо үчүн макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо боюнча шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |