Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 272
Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей-жатак мектебине таандык аянты 3,0 га жер участогун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясын, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
1) Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин балансына өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жаңы жалпы билим берүү уюмун куруу үчүн Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей-жатак мектебине таандык 9,5 (156) га жердин (идентификациялык номери 4-05-03-0002-0601) 3,0 га аянттагы жер участогун;
2) Нарын шаарынын мэриясына курулуш-монтаждоо иштери аяктаганга жана жаңы жалпы билим берүү уюму эксплуатациялоого киргизилгенге чейин курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей-жатак мектебине таандык аянты 1,0 га жер участогун.
2. Нарын шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке баланска кабыл алуу;
2) ушул токтомдун 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн участокту белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү жер участокторунун сакталышын жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын камсыз кылуу;
4) ушул токтомдун 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
5) жаңы жалпы билим берүү уюмун курууну баштоо үчүн ушул токтомдун 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн участокко тиешелүү инженердик коммуникацияларды киргизүү;
6) ушул токтомдун 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |