АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 14/38
Жер тилкесин такташтырып берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин жараандардан түшкөн арыздарын, билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылына караштуу Ымам-Ата участкасынын тургуну Р.Орункулованын маркум жолдошу Жолдошалы Жуманаливге таандык жер участогун тактоо айыл өкмөтүндө түзүлгөн космиссиялык курамдын кароосуна калтырылсын.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агракрдык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | У.А.Эпеев |