Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги LI сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу № 51/3
“Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы 2024 жылдын
6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө”
2024 жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча шаардык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча Көк-Жаңгак шаарынын мэринин маалыматын угуп чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги LI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргактын 2024 жылдын 6 ай ичинде аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.
3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |