Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 14/46
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунун негизинде, айылдык кеңештин төрагасынын өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арызын талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Сооронбаев Медербек Осмонбековичтин “үй-бүлөлүк шартына жана ден-соолугуна байланыштуу кызмат ордунан бошотуу тууралуу” арызы канааттандырылсын жана айылдык кеңештин төрагасы кызмат ордунан бошотулсун.
2. Ушул токтом Ак-Суу айылдык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төраганын милдетин аткаруучу: | У.А.Эпеев |