Редакцияот 24.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы

 

2023-жылдын 24-марты № 14/48

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы кызмат ордуна талапкерди каттоо жөнүндө

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин регламентинин 6-главасына ылайык, айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун тартибинин негизинде депутаттар С.Бекмуратов, Г.Сатибекова, К.Бейшебаева, Т.Азылбеков, Н.Бокоева, Р.Муратов, А.Таштаналы уулу, К.Нарыналы уулу, А.Муллаевалардын сунушун эске алып, Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы кызмат ордуна төмөнкү депутат талапкер болуп катталсын:

Курманбеков Улутбек Абдылдабекович.

2. Ушул токтом Ак-Суу айылдык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев

 

 

 

 

 

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин

төрагасынын милдетин аткаруучу,

төраганын орун басары У.Эпеевге

Ак-Суу айылдык кеңешинин

депутаттарынан

 

 

 

 

Биз Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттары: С.Бекмуратов, Г.Сатибекова, К.Бейшебаева, Т.Азылбеков, Н.Бокоева, Р.Муратов, А.Таштаналы уулу, К.Нарыналы уулу, А.Муллаева Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы кызмат ордуна талапкер катары депутат Курманбеков Улутбек Абдылдабековичти сунуштайбыз.

 

С.Бекмуратов______________

Г.Сатибекова ______________

К.Бейшебаева ______________

Т.Азылбеков _______________

Н.Бокоева__________________

Р.Муратов__________________

А.Таштаналы уулу ___________

К.Нарыналы уулу ____________

А.Муллаева_________________

 

24.03.2023-жыл