Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги LI сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу № 51/4
“Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринде турган
жалпы дарыгерлер практикалык борборунун короосундагы
от казанын муниципалдык менчик реестринен чыгаруу жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 26.07.2024-ж. №01-06/33 катынын негизинде жалпы дарыгерлер практикалык борборунун короосундагы от казанын муниципалдык менчик реестринен чыгаруу менен бузууга жана жарактуу курулуш материалдарын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун керектөөлөчү иштерине жумшоо жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги LI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринде турган жалпы дарыгерлер практикалык борборунун короосундагы от казанын муниципалдык менчик реестринен чыгарылсын.
2.Жарактуу курулуш материалдары жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчилиги тарабынан ЖДПБнын керектөө иштерине жумшалсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |