Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 2
“Сайпидин Атабеков айыл аймагына караштуу айылдардын Башкы планын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сайпидин Атабеков айылдык аймагындагы Бек-Абад, Жийде, Жаны-Жер жана Мундуз айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айылдык аймагындагы Бек-Абад, Жийде, Жаны-Жер жана Мундуз айылдарынын Башкы пландарынын долбоору бекитилсин.
2.Тийшелүү иш кагаздарын даярдоо жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жана өсүмдүк өстүрүү жана жер ресурстары боюнча башкы адис Ж.Бакировго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин агрардык маселелер, азык –түлүк жана экология , жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Карабаевге тапшырылсын.
Төрага: | А.Эралиев |