|
|
|
|
| (Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 184 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптар жана иштөө ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптар жана иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды ички иштер органдарынын адистештирилген борборлорунда (мындан ары - адистештирилген борборлор) кармоонун шарттарын жана эрежелерин, ошондой эле адистештирилген борборлорго карата талаптарды аныктайт.
2. Адистештирилген борборлор камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайларынын алдында иштейт.
3. Адистештирилген борбордун башчысы болуп кызмат орду боюнча камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайынын башчысы эсептелет.
4. Адистештирилген борборлордо күнү-түнү нөөмөттү камсыз кылуучу жана кармалган адамдардын анын чегинен тышкары өз алдынча чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу режим белгиленет.
5. Адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандар адистештирилген борбордун белгиленген күн тартибин (мындан ары - күн тартиби) сактоого милдеттүү. Күн тартиби адистештирилген борбордун башчысы тарабынан белгиленет.
6. Адистештирилген борборлордо кармалган чет өлкөлүк жарандар үчүн ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн гигиенанын, санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүчү шарттар түзүлөт.
7. Адистештирилген борбордун башчысы же аны алмаштыруучу адам адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, кармоонун тартиби жана шарттары тууралуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
2-глава. Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун жана кармоонун тартиби
8. Адистештирилген борборго келип түшкөн чет өлкөлүк жарандарды төмөнкү документтер болгон учурда кабыл алууну жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат:
1) судья кол койгон жана соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чыгарып жиберүү жөнүндө соттун токтому;
2) медициналык кароонун формасы же мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан алынган чет өлкөлүк жарандын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө маалымкат;
3) чет өлкөлүк жарандын ким экендигин ырастоочу документ (паспорт, убактылуу жашоого уруксат);
4) чыгарып жиберүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга жооптуу ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмүнүн жетекчисинин коштомо каты.
9. Чет өлкөлүк жарандарды адистештирилген борборлордо кармоо мөөнөтү келип түшкөн күндөн тартып 30 суткадан ашпайт.
Адистештирилген борборго келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматтар жана чет өлкөлүк жарандар жөнүндө башка маалыматтар кийин Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына кабарлоо менен ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууну эсепке алуу журналына жазылат.
10. Адистештирилген борборлорго кирүүдө чет өлкөлүк жарандар адистештирилген борбордун күн тартиби менен кол коюу аркылуу таанышууга тийиш. Зарыл учурда алар котормочунун кызматы менен камсыздалат.
Адистештирилген борбордун күн тартиби көрүнүктүү жерге мамлекеттик жана англис тилдеринде илинет.
11. Адистештирилген борборго чет өлкөлүк жаран келип түшкөндө борбордун кызматкери тарабынан чет өлкөлүк жаранды жана анын жанындагы буюмдарды жеке кароо жүргүзүлөт жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык кароонун протоколу толтурулат. Кароо аны менен бир жыныстагы адам тарабынан гана жүргүзүлөт жана чет өлкөлүк жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүчү иш-аракеттер жүргүзүлбөөгө тийиш.
12. Адистештирилген борборго келип түшкөн чет өлкөлүк жаран жооптуу кызматкерге тизим боюнча жеке буюмдарын (документтерди, баалуу буюмдарды, акча каражаттарын жана башка предметтерди) өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Документтердин, буюмдардын, анын ичинде баалуу буюмдардын жана акчанын сакталышы үчүн жоопкерчиликти адистештирилген борборлордун жооптуу кызматкерлери тартат.
13. Адистештирилген борборго келип түшкөн ар бир чет өлкөлүк жаранга өздүк иш ачылып, ага чет өлкөлүк жаранга тиешелүү материалдар, ошондой эле анын жеке буюмдарынын тизими тиркелет.
3-глава. Чет өлкөлүк жарандарды кармоого карата талаптар
14. Чет өлкөлүк жаранды жайгаштыруу үчүн жайдын санитардык аянтынын ченеми бир адамга 3,25 кв.м кем эмес, эки кабаттуу керебеттерди орнотууда бир адамга 4,5 кв.м кем эмес болууга тийиш.
Бир нече адамдан турган үй-бүлөнү жайгаштыруу үчүн жайдын аянты 15 кв.м кем болбошу керек.
15. Ар бир жайда төмөнкүлөр болушу керек:
- стол;
- санитардык түйүн;
- суу краны;
- жуунуучу каражаттар үчүн текче;
- таштанды үчүн урна.
16. Чет өлкөлүк жарандар жеке керебет жана төшөк буюмдары (матрац, жаздык, жууркан жана шейшептер) менен камсыз болууга тийиш.
17. Шейшептер график боюнча 7 күндө бир жолудан кем эмес жаңысына алмаштырылат. Чет өлкөлүк жарандардын шейшептери жана ич кийимдери жууганда дезинфекцияланууга тийиш.
18. Чет өлкөлүк жаранга жумасына жок дегенде бир жолу, эгерде гигиенаны сактоо үчүн керек болсо, андан көп жолу душта 15 мүнөттөн кем эмес узактыкта жуунуу мүмкүнчүлүгү берилет.
19. Устара буюмдары чет өлкөлүк жарандын өтүнүчү боюнча адистештирилген борбордун кызматкерлеринин көзөмөлү алдында дайындоого ылайык пайдалануу үчүн белгиленген убакытта жумасына эки жолудан кем эмес берилет.
20. Жалпы пайдалануу үчүн адистештирилген борбордо кармалып турган чет өлкөлүк жарандардын санына жараша төмөнкүлөр берилет:
- самын (жуунуучу жана кир жуучу), кир жуучу порошок;
- гигиеналык максаттар үчүн кагаз;
- бөлмөлөрдү тазалоочу предметтер.
21. Тиричиликте колдонулуучу тигүүчү ийнелер, кайчы жана башка сайуучу-кесүүчү предметтер нөөмөтчүнүн контролу астында берилет, көрсөтүлгөн предметтер багыты боюнча колдонулгандан кийин кайра алынат.
22. Балалуу аялдар аларга кам көрүү үчүн зарыл болгон минималдуу предметтерди алышат, анын ичинде балдар үчүн астыңкы шейшеп, жаздык кап, сүлгү.
23. Адистештирилген борбордо ушул Тартиптин 24-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, эркек жана аял жынысындагы адамдар, ошондой эле жашы жете электер өзүнчө кармалат.
24. Адистештирилген борбордун өзүнчө жайында чет өлкөлүк жарандын жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, эркек бир туугандары, кыз бир туугандары, чоң ата, чоң энеси, неберелери чогуу кармалышы мүмкүн.
25. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын тергөө жайларында кармалган адамдар суткалык үлүштүн ченемдери боюнча күн сайын ысык тамак менен камсыз болушат.
Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилиги ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн тамак-аш даярдоо боюнча коомдук тамактануу пункттары (ашканалар, кафелер ж.б.) менен келишим түзүшү мүмкүн.
Келишимде үлүштүк белгиленген ченемге жараша тамак-аштын болжолдуу ассортименти, күнүмдүк рациондун наркы каралат, ошондой эле азык-түлүккө кошумча баа жана тамак-ашка эсептешүү тартиби аныкталат.
26. Жылытуу мезгилинде адистештирилген борбордун жайларында 18 градус Цельсиядан төмөн эмес температура сакталат.
Адистештирилген борбордо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жүргүзүлөт.
27. Чет өлкөлүк жарандар өздөрүн, кийимдерин жана уктоочу жерлерин таза жана тыкан кармоого тийиш.
28. Чет өлкөлүк жарандарга күн сайын сейилдөө сутканын күндүзгү убагында узактыгы жалпы 3 сааттан кем эмес убакытка гана берилиши мүмкүн.
29. Адистештирилген борбордун жайларынын санитардык абалын текшерүү максатында медициналык кызматкерлер тарабынан чет өлкөлүк жарандарды кармоого арналган жайларды күн сайын кыдырып карап чыгуу жүргүзүлөт.
30. Чет өлкөлүк жаран адистештирилген борбордон кеткен учурда, анын ичинде ооруканага жаткырылганда анын төшөк буюмдары дезинфекцияланат.
4-глава. Адистештирилген борборлордо алгачкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу
31. Зарыл учурда адистештирилген борборлордо кармалган чет өлкөлүк жарандарга:
1) алгачкы медициналык-санитардык жардам, саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгеринин консультациясы көрсөтүлөт;
2) саламаттык сактоо уюмунун дарыгери менен макулдашуу боюнча медициналык көрсөткүчтөр боюнча колдонууга арналган дары-дармектерди алып жүрүүгө уруксат берилет;
3) стационардык шарттарда дарыланууга муктаж болгондорду ооруканага жаткыруу уюштурулат.
32. Чет өлкөлүк жарандын денесинен жаракат алганы же адистештирилген борбордо кармоонун жүрүшүндө каза болгондугу аныкталган учурда нөөмөтчү токтоосуз ички иштер органдарынын тергөө-ыкчам тобун, медициналык тез жардам бригадасын чакырат жана прокуратура органдарына, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына кабарлайт.
5-глава. Чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери
33. Адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөр менен чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген милдеттерди аткарат, укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат. Жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого же артыкчылык берүүгө жол берилбейт.
34. Адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн укуктары жана милдеттери, кармоо режими, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат алууга;
2) адистештирилген борбордо болуу учурундагы жеке коопсуздукка;
3) адистештирилген борбордо болгон башка адамдар тарабынан чет өлкөлүк жарандын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч же болбосо анын инсандыгына каршы кылмыш жасоо коркунучу пайда болгон учурда адистештирилген борбордун кайсы болбосун кызматкерине (жумушчусуна) адистештирилген борбордун башка жайына которуу жөнүндө арыз менен кайрылууга. Мындай учурда адистештирилген борбордун кызматкери (жумушчусу) чет өлкөлүк жарандын коопсуздугун камсыз кылуу жана аны адистештирилген борбордун коопсуз жайына которуу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү;
4) тамак-аш, материалдык-тиричилик жана алгачкы медициналык медициналык-санитардык жардам алууга;
5) адистештирилген борбордун башчысына же аны алмаштыруучу адамга жеке кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга;
6) түнкүсүн сегиз саат уктоого;
7) уктай турган жери, төшөк буюмдары жана шейшеби болууга;
8) адистештирилген борбордун кызматкерлеринин (жумушчулары) сылык мамилесине;
9) сезонго карата өз кийимдерин жана бут кийимдерин колдонууга;
10) күн тартибинде белгиленген убакытта уюлдук телефон колдонууга;
11) адистештирилген борбордо кармалган башка чет өлкөлүк жарандардын укуктарын кемсинтпестен, ушул Тартипти сактоо менен диний ырым-жырымдарды жүзөгө ашырууга, диний адабияттарды, диний сыйынуу буюмдарын алып жүрүүгө;
12) белгиленген тартипте буюм жана азык-түлүк берип жиберүүлөрүн алууга;
13) адистештирилген борбордун кызматкерлеринин (жумушчуларынын) ушул чет өлкөлүк жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууга.
35. Адистештирилген борбордо кармалган чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кармоо режимин сактоого;
2) адистештирилген борбордун кызматкерлеринин (жумушчуларынын) мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук жаратпоого;
3) гигиеналык жана санитардык талаптарды сактоого;
4) өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого;
5) адистештирилген борбордун мүлкүнө аяр мамиле жасоого;
6) бөлмөдө тартипти сактоого;
7) адистештирилген борбордун аймагында атайын бөлүнгөн жерлерде тамеки тартууга.
36. Жашы жете элек чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму жана алардын ушул Тартипти жана күн тартибин сактоосу үчүн алардын ата-энелери же аларды алмаштырган адамдар жооптуу болуп саналат.
37. Чет өлкөлүк жарандарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) спирт ичимдиктерин жана баңги каражаттарын даярдоого, сактоого жана пайдаланууга, кумар оюндарын ойноого;
2) адистештирилген борбордун жайларынын терезелеринен бир нерсени ыргытууга;
3) адистештирилген борбордун жайларынын жабдууларын жана эмеректерин бүлдүрүүгө, адистештирилген борбордун дубалдарына жана мүлкүнө жазууларды жазууга, ошондой эле дубалдарга жана инвентарларга фотосүрөттөрдү, сүрөттөрдү, гезит-журналдардын кесиндилерин чаптоого;
4) жалпы колдонуу жайларын булгоого;
5) колго жасалган же бузук электр приборлорун колдонууга;
6) атайын борбордун аймагында ачык отту колдонууга;
7) буюмдарды алмашууга же сатууга;
8) адистештирилген борбордун кызматкерлери (жумушчулары) менен талашып-тартышууга, алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартууга же андан четтөөгө;
9) адистештирилген борбордун аймагынан ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын коштоосусуз кетүүгө;
10) адистештирилген борбордун кызматкерлеринин (жумушчуларынын) жана адистештирилген борбордо болгон башка чет өлкөлүк жарандардын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттерди жасоого;
11) өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аракеттерди атайын жасоого.
38. Бөлмөлөрдү тазалоону кошпогондо, адистештирилген борборлордо кармалган чет өлкөлүк жарандарды эмгекке, анын ичинде тамак-аш таратуу ишине тартууга тыюу салынат.
39. Адистештирилген борборлордо кармалган чет өлкөлүк жарандардын адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же кылмыш куралы катары пайдаланылышы мүмкүн болгон предметтерди, заттарды жана тамак-аш азыктарын кабыл алуусуна жана аларга берүүсүнө тыюу салынат.
Адистештирилген борборлордо кармалган чет өлкөлүк жарандарга берилүүчү тамак-аш азыктары, биринчи зарылдыктагы буюмдар, кийим-кече, бут кийим жана башка өнөр жай товарлары адистештирилген борбордун кызмат адамы тарабынан текшерилет, кабыл алынат жана берген адамдын катышуусунда чет өлкөлүк жарандарга өткөрүп берилет.
40. Адистештирилген борборлордо кармалган, кармоонун белгиленген режимин бузган жана укукка каршы аракеттерге жол берген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
6-глава. Чет өлкөлүк жарандардын адистештирилген борбордон чыгышы
41. Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү жөнүндө соттун тиешелүү чечими аткарылганга чейин адистештирилген борбордо кармалат.
42. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү жүзөгө ашырылган күнү чет өлкөлүк жарандарга адистештирилген борборго келип түшкөндө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык алардан сактоого кабыл алынган жеке буюмдары тил кат менен кайтарып берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптарга жана иштөө тартибине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууну эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Башталды _________________________________________
Аяктады __________________________________________
№ п/п | Фамилиясы, аты (аттары), атасынын аты (бар болсо) | Чет өлкөлүк жарандын туулган датасы, жылы жана жери | Чет өлкөлүк жарандын жарандыгы (белгиленген же билдирилген) акыркы жашаган жери | Ким тарабынан жеткирилди (жеткирүүнү жүргүзгөн ИИОнун аталышы) | Чыгарып жиберүү датасы жана убактысы, камоо мөөнөтү | Камоо үчүн негиз (райондук, шаардык, облустук, Жогорку соттун токтому) | Соттун камакка алуу жөнүндө токтому чыгарылган дата | Бошотулган датасы жана убактысы | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптарга жана иштөө тартибине 2-тиркеме |
Жеке кароо ПРОТОКОЛУ 20___-жылдын "___" ____________ ____________
Башталды "____" саат "____" мүн. Аяктады "____" саат "____" мүн. Мен _______________________________________________________________________________, (ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду, аты, фамилиясы, атасынын аты) ___________________________________________________________________________________ (жүргүзүлгөн жер, аты-жөнү, туулган жылы) ________________________________________________ адамга жеке текшерип кароо жүргүздүм Жеке кароонун жүрүшүндө төмөнкү буюмдар табылды жана убактылуу сакталууга тийиш: ___________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________, Ал төмөнкүдөй кийинип жүргөн (мезгил боюнча) __________________________________________ ___________________________________________________________________________________ Чет өлкөлүк адамдын мыйзамдуу өкүлү/котормочусу ___________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, кол тамгасы) Кол тамгасы ___________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, кол тамгасы) Кароону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы ___________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, кол тамгасы)
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптарга жана иштөө тартибине 3-тиркеме |
Жеке буюмдарын алгандыгы жөнүндө ТИЛ КАТ Жеке текшерүү протоколунда көрсөтүлгөн, убактылуу сактоодо турган буюмдарды жана баалуулуктарды алдым жана карап чыктым, дооматым жок. ___________________________________________________________________________________ (Чет өлкөлүк жарандын аты-жөнү)
20___-жылдын "___" __________ _______________ (кол тамгасы)
Жеке текшерип кароо протоколунда көрсөтүлгөн, убактылуу сактоодо турган буюмдарды жана баалуулуктарды кайтарып бердим ___________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду, аты, фамилиясы, атасынын аты)
20___-жылдын "___" __________ _______________ (кол тамгасы) |
|