Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-августу № 456
Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейи деп кайра атоо жөнүндө
Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейинин статусун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейи К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейи деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 8-2-пункт менен толукталсын:
"8-2. К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейинин штаттык саны 15,5 штаттык бирдик чегинде белгиленет.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы деп кайра атоо жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейи үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине белгиленген тартипте 2024-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейин 7 айга 1370800 (бир миллион үч жүз жетимиш миң сегиз жүз) сом жана кийинки жылдарга - 2349900 (эки миллион үч жүз кырк тогуз миң тогуз жүз) сом бөлүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-августундагы № 60 (3614) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-августу № 456
Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейи деп кайра атоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейинин статусун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейи К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейи деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 8-2-пункт менен толукталсын:
"8-2. К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейинин штаттык саны 15,5 штаттык бирдик чегинде белгиленет.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)