Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 3
“Сайпидин Атабеков айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, 20.10.2021-жылдагы M123 "Жергиликтүү мамлекеттик админитрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү "Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023-жылдагы №154-6 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү "Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы "Кыргызмамжердолбоорлоо "Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынана аткарылган Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын угуп жана талкуулап, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 22.05.2023-жылдагы №118-б буйругунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынтын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023-жылдагы №154-6 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү" Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы "Кыргызмамжердолбоорлоо" Жалал- Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Сайпидин Атабеков айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Сузак райондук мамлеккеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Карабаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |