Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын “23” июлундагы № 04-13/246 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Гидрологиялык экспедиция” мамлекеттик ишканасынын Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы агенттиктин алдындагы “Гидрологиялык экспедиция” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы саналат.
5. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Гидрологиялык экспедиция” мамлекеттик ишканасы”;
расмий тилде: «Государственное предприятие «Гидрологическая экспедиция» Службы водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
на официальном языке: «Государственное предприятие «Гидрологическая экспедиция» Службы водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: “Гидрологиялык экспедициясы” МИ”;
расмий тилде: «ГП «Гидрологическая экспедиция».
Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Бишкек шаары, Эркиндик көчөсү 2.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын бекитилген тартиптеги мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын бөлүмдөрү өздөрү бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ишмердүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Ишкананын түзүмүнө “Ош гидрологиялык партиясы” Түштүк филиалы жана “Сокулук гидрологиялык партиясы” Түндүк филиалы кирет.
Түштүк филиалынын юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы, Ош шаары, “Туран” кичи району, үй номери жок.
Түндүк филиалынын юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Белинский көчөсү, үй номери 203.
13. Ишкана ишмердүүлүгүн суу чарба тармагынын гидрогеология бөлүгүндө ишке ашырат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
стратегиялык маанидеги кызмат көрсөтүү жана жумуштарды жүргүзүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке тараптардын керектөөсүн канаттандыруу;
кызмат көрсөтүү жана жумуштарды, товарларды өндүрүү боюнча тике мамлекеттик заказдарды аткаруу;
республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу.
15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн функцияларды аткаруу жана максаттарга жетишүү;
- суу керектөөчүлөрдү жер алдындагы суу ресурстары менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо;
- суу чарба секторундагы тиешелүү келишимдерди түзүшкөн ишканаларга, калкты жана ишканаларды суу менен камсыздоо бөлүгүндө көмөк көрсөтүү;
- таза, термалдык жана минералдык сууларга гидрогеологиялык издөө-чалгындоо иштери;
- айылдык калктуу конуштарды, шаарларды суу менен камсыздоо, жерлерди сугаруу жана жайыттарга суу жеткирүү.
16. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Ишкана төмөнкү функцияларда аткарат:
- таза, термалдык жана минералдык сууларды издөө жана жайгашкан жерлерин чалгындоо;
- заказчиктерден келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык скважиналарды бургулоо жана калыбына келтирүү, эксплуатациялык скважиналарды оңдоо жана тейлөө:
- потенциалдуу пайдалануучулардын керектөөсү үчүн гидрогеологиялык маалыматтык материалдарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана ушул Уставдын максатына жооп берген ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн аткаруу;
- адистештирилген товарларды чыгаруу жана сатуу жана жеке жана юридикалык тараптарга суу менен камсыздоо, башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган багыттарда кызмат көрсөтүү.
3. Укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган маселелерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн укуктуу:
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- базар коньюктурасы эске алуу менен коммерциялык уюмдар үчүн кызмат көрсөтүү жана жумуштардын, товарлардын наркын өз алдынча аныктоо;
- жумушчу, кенешүүчү берүүчү, аналитикалык, изилдөө топторун түзүү;
- өзүнүн укуктарынын чегинде эл аралык уюмдар менен, кызматташуу, өз-ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
- зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну иш ашыруу;
- өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн 3л аралык каржылык жана башка уюмдардын каражаттарын жана гранттарын тартуу, андан сырткары тышке экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу;
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болуу, өзүнүн атынан материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болуу, соттордо доогер жана жооп берүүчү болуу;
- юридикалык жана жеке тараптар менен келишимдерди (контракттарды) түзүү;
- эмгек келишимдеринин, шашылыш эмгек келишимдеринин, башка граждандык-укуктук келишимдеринин негизинде Ишканага бекитилген тартипте жеке жактарды тартуу;
- зарылчылык болгондо Ишкананын кызматкерлерин чет жакка, эл аралык конференцияларга, семинарларга. Көрсөтмөлөргө жиберүү;
- зарыл болгондо Ишкананын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды бекитилген тартипте түзүү.
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга, менчик ээсинин макулдугу менен, келишимдик негизде ижарага берүүгө.
Ишкананын бекитилген максаттары жана милдеттерине ылайык ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн башка укуктарды ишке ашыруу.
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн максаттарына жетүү жана милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ишкана жумуштарын аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткаруу жана кызмат көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө.
19. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, кызматтык милдеттерди аткарууда атуулдардын жеке турмушу, ар-намысы жана аброюу тууралуу маалыматтарды, ишканадагы иш токтотулгандан кийин мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырларды сактоого милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын компетенциясы (мындан ары- Суу ресурстары кызматы)
20. Суу ресурстары кызматынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын Уставын иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо же Уставды жаңы редакцияда бекитүү;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына андан ары сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
- фонддордун, ассоциациялардын (союздардын), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Суу ресурстары кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
- аткаруу органынын отчетторун угууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Суу ресурстары кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана анын сакталышын контролдоо.
6. Ишкананын аткаруучу органы
23. Ишкананын башкарууну Ишкананын жетекчиси болуп саналган, директор ишке ашырат.
24. Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Мындан сырткары директор мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- иши канааттандырарлык эмес деп бааланганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер болгондо.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө квартал сайын жана ар жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча Суу ресурстары кызматынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруучулук-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Суу ресурстары кызматына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
- Ишкананын максатына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдына койгон максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Суу ресурстары кызматынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- Суу ресурстары кызматынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы бир чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
32. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада Ишкананын директорунун орун басарларынын кызмат орду каралган эмес.
34. Ишкананын директору жок учурда жетекчиликтин ишмердүүлүгүн башкы гидрогеолог аткарат.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин бош кызмат ордуна жаңы адам дайындалганга чейин башкы гидрогеолог аткарат.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын ички аудитти жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
37. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- директор;
- башкы гидрогеолог;
- башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттин кызыкчылыгына карата Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык аракеттенүүгө тийиш жана Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү
41. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан, анын банкрот болушуна алып келген чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана өз ишин Суу ресурстары кызматы менен макулдашылган жылдык иш планынын же 3 жана андан ашык жылдык узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
43. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкана менен арендаторлор, керектөөчүлөр, берүүчүлөр менен болгон байланышты жөнгө алуучу узак мөөнөттөгү келишимдер түзөт.
44. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
- ички аудиторго (эгерде болсо, ички аудит кызматына);
- Суу ресурстары кызматына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
47. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Суу ресурстары кызматы тарабынан бекитилет.
48. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын түшүндүрмөсүн;
- Ишкана тарабынан аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын тармактарынын жана рыногунун баяндалышын, мүнөздөмөсүн;
- Ишкана аткарган жумуштардын, көрсөткөн кызматтардын рыногунда мамлекеттин болушунун зарылдыгын негиздөөнү;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү планын;
- уюштуруу планын;
- финансылык планын;
- тобокелдиктерди талдоону.
49. Ишкананын директору жыл сайын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Суу ресурстары кызматы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
50. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
51. Кыргыз Республикасынын маалыматтарга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук маалыматты бербегендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетторду бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
52. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде текшерилет.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
53. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарбалык башкаруу укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинен ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган киреше же сатып алынган продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган киреше;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
55. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укуктарын жүзөгө ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун Уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Ишкана жыл сайын өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
58. Мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча алынган Ишкананын таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которулат, ал эми ал тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмү, 50 пайыздан кем эмеси отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим Суу ресурстары кызматынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
60. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
61. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте 100 пайыз акциялары (үлүш) мамлекеттик менчикте турган (акционерлөө) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп түзүлөт.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом укуктар жана милдеттенмелер боюнча анын ичинен, эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү анын укук мураскери болуп саналат.
62. Ишкана төмөнкүдөй учурда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
63. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюлуучу Ишкананын жетекчиси жоюу комиссиясын башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде жоюлуучу Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
64. Ишкананын ишинин процессинде келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын “23” июлундагы № 04-13/246 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасынын Уставы
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы агенттиктин алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы саналат.
5. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасы”;
расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызская комплексная гидрогеологическая экспедиция» Службы водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: “ККГГЭ” МИ”;
расмий тилде: «ГП «ККГГЭ».
Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиева 4а көчөсү.
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын бекитилген тартиптеги мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын бөлүмдөрү өздөрү бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ишмердүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Ишкананын түзүмүнө “Ош гидрогеологиялык партиясы” Түштүк филиалы жана “Сокулук гидрогеологиялык партиясы” Түндүк филиалы кирет.
“Ош гидрогеологиялык партиясы” Түштүк филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, “Туран” кичи району, үй номери жок.
“Сокулук гидрогеологиялык партиясы” Түндүк филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Белинский көчөсү, үй номери 203.
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
13. Ишкана ишмердүүлүгүн суу чарба тармагынын гидрогеология бөлүгүндө ишке ашырат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
стратегиялык маанидеги анын ичинен гидрогеологиялык жана инженердик гидрогеологиялык чөйрөдөгү, кызмат көрсөтүү жана жумуштарды жүргүзүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке тараптардын керектөөсүн канаттандыруу;
кызмат көрсөтүү жана жумуштарды, товарларды өндүрүү боюнча тике мамлекеттик заказдарды аткаруу;
жер астындагы суу ресурстарын башкаруу жана аларды пайдаланууну жөнгө салуу;
республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн функцияларды аткаруу жана максаттарга жетишүү;
- суу керектөөчүлөрдү жер алдындагы суу ресурстары менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо;
- суу чарба секторундагы тиешелүү келишимдерди түзүшкөн ишканаларга, калкты жана ишканаларды суу менен камсыздоо бөлүгүндө көмөк көрсөтүү;
- таза, термалдык жана минералдык сууларга гидрогеологиялык издөө-чалгындоо иштери;
- калкты жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди жер астындагы булактардан ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу;
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
16. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Ишкана төмөнкү функцияларда аткарат:
– жер астындагы суулардын бар экендиги жөнүндө корутундуларды берүү, скважиналарды паспорттоштуруу;
– жер астындагы сууларды лицензиялоо маселелери боюнча консультация жана корутундуларды берүү;
– келишимдин негизинде суу скважиналарын долбоорлоо, бургулоо, тейлөө, оңдоо жана эксплуатациялоо боюнча иштерди аткаруу;
– гидрогеологиялык, инженердик-гидрогеологиялык иштерди жүргүзүүгө долбоорлорду түзүү жана аткаруу;
– жер астындагы суулардын абалына сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр боюнча мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
– кен чыккан жерлер, гидрогеологиялык бассейндер жана административдик бөлүнүштөр боюнча жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну, эксплуатациялык запастардын мамлекеттик эсебин жүргүзүү;
– “жер астындагы суулар” бөлүмү боюнча мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү;
– таза жана минералдык суулардын суу алуучу скважиналарын каттоону жана эсепке алууну жүргүзүү;
– шаарларды, өнөр жай ишканаларын, айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыз кылуу, жерлерди жана жайыттарды сугаруу үчүн издөө-чалгындоо, гидрогеологиялык иштерди жүргүзүү;
– гидрогеология чөйрөсү жана суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого керек болгон жабдууларды, шаймандарды, материалдарды, жана башка запастык бөлүктөрдү даярдоо жана сатуу;
– стационардык байкоо скважиналары боюнча жер астындагы суулардын режимине региондук жана атайын байкоолорду жүргүзүү;
– карталардын легендаларын, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн заманбап шарттарына карата колдонулуучу гидрогеологиялык изилдөөлөргө карата методикаларды жана талаптарды иштеп чыгуу;
– ушул Уставдын максаттарына жооп берген иштин башка түрлөрүн аткаруу.
Ишкана скважиналар боюнча документтердин (скважиналардын эсепке алуу карталардын, перфокарталардын, карталардын планшетин, скважиналарды изилдөө актыларынын, скважиналар боюнча химиялык анализдердин актыларынын, жер астындагы сууларды жылдар боюнча мамлекеттик эсепке алуу материалдарынын) кармоочусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган маселелерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- базар коньюктурасы эске алуу менен коммерциялык уюмдар үчүн кызмат көрсөтүү жана жумуштардын, товарлардын наркын өз алдынча аныктоо;
- жумушчу, кенешүүчү берүүчү, аналитикалык, изилдөө топторун түзүү;
- өзүнүн укуктарынын чегинде эл аралык уюмдар менен, кызматташуу, өз-ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
– (Абзац Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн 3л аралык каржылык жана башка уюмдардын каражаттарын жана гранттарын тартуу, андан сырткары тышке экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу;
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болуу, өзүнүн атынан материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болуу, соттордо доогер жана жооп берүүчү болуу;
- юридикалык жана жеке тараптар менен келишимдерди (контракттарды) түзүү;
- эмгек келишимдеринин, шашылыш эмгек келишимдеринин, башка граждандык-укуктук келишимдеринин негизинде Ишканага бекитилген тартипте жеке жактарды тартуу;
- зарылчылык болгондо Ишкананын кызматкерлерин чет жакка, эл аралык конференцияларга, семинарларга. Көрсөтмөлөргө жиберүү;
- Жер астындагы суулар маселелери боюнча мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгү;
- зарыл болгондо Ишкананын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды бекитилген тартипте түзүү.
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга, менчик ээсинин макулдугу менен, келишимдик негизде ижарага берүүгө.
Ишкананын бекитилген максаттары жана милдеттерине ылайык ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн башка укуктарды ишке ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн максаттарына жетүү жана милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ишкана жумуштарын аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткаруу жана кызмат көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө.
19. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, кызматтык милдеттерди аткарууда атуулдардын жеке турмушу, ар-намысы жана аброюу тууралуу маалыматтарды, ишканадагы иш токтотулгандан кийин мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырларды сактоого милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын компетенциясы (мындан ары- Суу ресурстары кызматы)
20. Суу ресурстары кызматынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын Уставын иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо же Уставды жаңы редакцияда бекитүү;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына андан ары сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
- фонддордун, ассоциациялардын (союздардын), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Суу ресурстары кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
- аткаруу органынын отчетторун угууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Суу ресурстары кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана анын сакталышын контролдоо.
6. Ишкананын аткаруучу органы
23. Ишкананын башкарууну Ишкананын жетекчиси болуп саналган, директор ишке ашырат.
24. Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Мындан сырткары директор мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- иши канааттандырарлык эмес деп бааланганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер болгондо.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө квартал сайын жана ар жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча Суу ресурстары кызматынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруучулук-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Суу ресурстары кызматына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
- Ишкананын максатына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдына койгон максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Суу ресурстары кызматынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- Суу ресурстары кызматынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы бир чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
32. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада Ишкананын директорунун орун басарларынын кызмат орду каралган эмес.
34. Ишкананын директору жок учурда жетекчиликтин ишмердүүлүгүн башкы гидрогеолог аткарат.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин бош кызмат ордуна жаңы адам дайындалганга чейин башкы гидрогеолог аткарат.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын ички аудитти жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
37. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- директор;
- башкы гидрогеолог;
- главный инженер;”