Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 5
“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан С. Атабеков айыл өкмөтүндөгү 2022-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына аудиттин жыйынтыгын ишке ашыруу жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан С. Атабеков айыл өкмөтүндөгү 2022-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүү боюнча
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. С. Атабеков айыл өкмөтүнүн 2022-жылы резервдик фонд эсебинен 2 таза суу скважиналарындагы катталган авариялык абалга байланыштуу элди өз учурунда таза суу менен камсыздоого сатылып алынып орнотулган материалдарга жумшалган 78,8 миң сом каражатты калыбына келтирүү үчүн “Башкаруу” бөлүмүнүн 2824 “Резердик фонд” беренесине 78,8 миң сом көбөйтүү менен белгиленсин.
2. Каражаттын максаттуулугун камсыздоо үчүн 78,8 миң сом акча каражаты “Коммуналдык чарба” бөлүмүнүн 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренеси эсебинен кыскартылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2024-жылга бекитилген бюджеттин чыгаша планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суратуу жагы СЭӨП бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдо бекитилген акча каражатына өзгөртүү жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
С.Атабеков айылдык кеңешинин төрагасы: | А.А.Эралиев |