КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 15-июлу № 118
2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND СА+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND СА+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND СА+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (RESILAND СА+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу (RESILAND СА+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу (RESILAND СА+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров
|
|
2024-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |