Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 7
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 02-июль 2024-жыл №218 сандуу кайрылуусунун жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин № 01-18/1479 корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Турк- Абад айылынын №83-контурундагы А. Байзаков көчөсүндөгү жума намаз окулуучу жамааттык мечиттин (мурдагы даараткананын орду) жалпы 576,6 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыялангандан күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |