Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 8
“Көчөгө наам берүү жөнүндө”
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 13-июнь 2024-жылдагы жалпы чогулушунун негизинде айылдын белгилүү инсандарынын бири, айыл өкмөтүндө,Эркин колхозунда көп жыл үзүрлүү эмгектенген атуул Арапов Ибрагим Кубатович жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз –Абад айылынын көчөсүнө эмгектин ардагери, белгилүү инсан, айылдын ардактуу атуулу Арапов Ибрагим Кубатовичтин наамы берилсин.
2.Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыялангандан күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |