САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясынын
2024-жылынын 15-февралы № 1
“Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди өнөр-жай, транспорт байланыш,коргонуу жана башка багыттагы
жерлер категориясына которуу жөнүндө”
С.Атабеков Айыл өкмөтүнүн Өзбек-Абад айылынын тургундарынын 02-октябрь 2023-жыл элдик №2 протоколунун жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 12-январь 2023-жыл №9 сандуу кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Өзбек-Абад айылында жайгашкан №150 контурундагы жалпы 1,17 га сугат айдоо жеринен жаңы мектеп куруу үчүн айыл чарба жерлери категориясынан өнөр-жай, транспорт байланыш , коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин катчысына жүктөлсүн.
4.Токтом www.atabekov-kehesh.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |