Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-августу № 459
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын онунчу бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация жашаган регионуна жараша иш жүзүндөгү баалар боюнча, бирок Бишкек шаарында суткасына 300 сомдон, ал эми региондордо суткасына 250 сомдон көп эмес төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация Бишкек шаарында суткасына 500 сом, ал эми региондордо суткасына 420 сом өлчөмүндө төлөнөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |