Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги 39- сессиясынын
2024-жылдын 12-июну № 133
Канда БСР үчүн 25,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз отуз тогузунчу сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат.
1. Шады айылындагы Канда БСРи (суу сактоочу курулма) үчүн 25,0 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага | Матажиев Г. |