Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги 39- сессиясынын
2024-жылдын 12-июну № 135
“Исхак-Полотхан” айыл аймагындагы айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан проектисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун 4-5-пунктарына ылайык Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 39-сессиясында сунушталган маселелерди талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат
1. Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу менен Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн кызматташтык келишими бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага | Матажиев Г. |