Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 25-июнундагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин, мүлктүк комплекске же анын бөлүгүнө чарбалык жүргүзүү, ыкчам башкаруу, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу же ижаралоо келишим түзүүгө укуктарды берүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылат:
турак эмес имараттарга, курулмаларга, жайларга жана аларга бекитилген жана кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары түзүлгөн жер участокторго, кыймылдуу мүлк объекттерине, көрктөндүрүү объекттерине жана муниципалдык мүлк объекттеринин реестринде турган объекттерге;
калктын маданий-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууну камсыздаган, мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринде турган, мүлк комплексине (мүлк комплексинин бөлүгүнө);
жергиликтүү бюджетти толтуруу үчүн муниципалдык мүлктү ар кандай формада ижаралык пайдаланууга берүүгө жол берген мүлктүк укуктук мамилелердин жаңы муниципалдык объекттерине.
3. Ыйгарым укуктуу орган мүлк комплексинин бөлүгүн ушул Жободо белгиленген тартипте, № 1 тизмеде турган колдонуучулардын табыштамаларынын негизинде ижарага берет. Мүлк комплексинин бир бөлүгү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү архитектуралык корутундунун негизинде аныкталат.
II. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктары бөлүнгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы (мындан ары - Комиссия) - муниципалдык мүлккө чектелген буюм укуктарын берүү менен байланышкан маселелерди, ошондой эле электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү маселелерин чечүү үчүн ушул Жобого ылайык түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
№ 1 тизме - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга же мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга бериле турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин тизмеси;
№ 1 тизмек - № 1 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга бериле турган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 2 тизме - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын маанилүү социалдык иш-аракеттерге байланыштуу жеңилдетилген негизде кыймылсыз объекттерди бере турган уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын тизмеси;
№ 2 тизмек - № 2 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 3 тизмек - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмеги;
№ 3 тизмек үч топтон турат:
1-топ - аукцион аркылуу берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын балансында турган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги;
2-топ - ушул жобо тарабынан белгиленген аукцион аркылуу же түз метод менен - аукцион өткөрүүсүз, комиссиянын чечиминин негизинде, ушул жободо көрсөтүлгөн объекттердин түрлөрү боюнча берилүүчү ыкчам, чарбалык жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууда турган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги;
3-топ - ушул Жободо көрсөтүлгөн объекттердин түрлөрү боюнча Комиссиянын чечиминин негизинде аукцион өткөрүүсүз - түз ыкма менен берилүүчү муниципалдык менчик объекттердин тизмеги;
4-тизмек - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик- жеке өнөктөштүк линиясы боюнча 5 жылдан жогору мөөнөткө ижарага берилүүчү № 1, 2, 3 Тизмекке киргизилбеген, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
аукцион - эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү боло алган, муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук форматта өткөрүлүүчү тооруктун түрү;
аукциондун кадамы - тооруктардын жүрүшүндө муниципалдык мүлктүн баасы жогорулашы мүмкүн болгон кошумча сумма;
ижарага түз берүү - ушул жобо менен каралган жүргүзүлүүчү учурларда жана тартипте аукцион өткөрүүсүз жана жер участокко укуктарды өткөрүп берүүсүз муниципалдык менчикте турган жерлерге ижара укуктарын берүү ыкмасы;
жашыл бак-дарактарды кароо боюнча ыйгарым укуктуу орган - жашыл бак-дарактарды кароо боюнча маселелерди кароо ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
катышуучу - аукционго катышууга киргизилген талапкер;
электрондук соода аянтчасы - аукционду уюштуруу, өткөрүү жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) ишке ашыруу үчүн мүмкүндүк берүүчү Интернет тармагында жайгаштырылган маалыматтык тутуму;
электрондук кол тамга (ЭКТ) - башка маалыматка электрондук формада кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан маалыматка анын атынан кол тамга койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук документ - электрондук формада берилген, башкача айтканда электрондук эсептөөчү машиналарды пайдалануу менен адам тарабынан кабыл алынуусу үчүн жарай турган түрдөгү документтештирилген маалымат;
кыймылдуу муниципалдык мүлк - акча жана баалуу кагаздарды кошуп, кыймылсыз мүлккө кирбеген буюмдар;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаары боюнча түзүмдүк бөлүм;
кепилдик төгүм - кыймылсыз объектке ижара укуктарын сатып алуу максатында электрондук аукционго катышууну каалаган катышуучу тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
депозит - түзүлгөн ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн аягына чейин ыйгарым укуктуу органдын жана анда сакталган алыш-бериш эсебине келишим боюнча милдеттемелерди аткаруунун кепилдик камсыздоосу катары киргизилүүчү аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган, үч айлык ижара төлөмүнө тең болгон акчалай сумма;
лот - аукционго коюла турган муниципалдык мүлк, ижара укуктары;
мүлктү саат боюнча колдонуу менен убактылуу пайдаланууга берүү - муниципалдык мүлк объектисин сааттык колдонуу менен ижаралоого берүү;
мүлктүк комплекс - аларды жалпы социалдык жана өндүрүштүк дайындоо боюнча бир бүтүндү түзүүчү жана пайдаланууну болжолдоочу кыймылдуу жана кыймылсыз муниципалдык мүлк объекттеринин жыйындысы.
лайт бокстар - архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү муниципалдык тирөөчтөргө жана мамыларга орнотулуучу бир типтеги аз габариттүү жарнамалык конструкциялар.
III. Чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу укугу
4. № 1 тизмеге төмөндөгүлөр кирет:
а) Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигин камсыздоо үчүн муниципалдык мүлк объекттер чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга бериле турган муниципалдык ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
б) толук же жарым-жартылай жергиликтүү бюджеттен каржылана турган, Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигин камсыздоону колдогон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан милдеттүү катары аныкталган кызматтарды калкка көрсөткөн, муниципалдык болуп саналбаган ишканалар, уюмдар жана мекемелер. Мындай учурларда муниципалдык мүлк объекттери мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга берилет;
в) Бишкек шаарынын калкына социалдык кызматтарды акысыз көрсөтүү жолу аркылуу кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар. Бул жактарга объекттерди мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга берүү Бишкек шаардык кеңешинин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. № 1 тизмекке № 1 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттери кирет.
6. № 1 тизме жана № 1 тизмек менен бекитилген тизмеге ылайык ыйгарым укуктуу орган чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу келишимин түзөт.
7. Келишим түзүлгөндөн кийин пайдалануучунун профилинин, иш-аракетин каржылоо булагынын өзгөрүүсү келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн негиз болуп саналат.
8. Мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, ыйгарым укуктуу органдын жазуу түрүндөгү макулдугу менен, Комиссиянын чечиминин негизинде мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу келишими ошол эле шарттарда, ушундай эле мөөнөткө жаңыртылган болуп эсептелет.
9. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өткөрүлүп берилген турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар толук же жарым-жартылай колдонулбаган, же бошотулган учурда, аларды андан ары пайдалануунун тартиби, анын ичинде аларды бир тизмектен экинчисине которуу Комиссия тарабынан аныкталат жана анын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
10. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктү чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу укугун алган уюмдар, мекемелер жана ишканалар менчик ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз ага бекитилген мүлктү ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок, ошондой эле уюм, мекеме же ишкана банкрот болгон учурда муниципалдык мүлк ажыратылууга жатпайт жана бул мүлккө менчик укугун сактаган менчик ээсине кайтарылып берилет.
IV. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижаралоо
11. № 2 тизмеге № 1 тизмеге киргизилбеген жергиликтүү бюджеттен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ишканалар, уюмдар, мекемелер, Бишкек шаарынын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке, юридикалык жактар киргизилет.
12. № 2 тизмекке № 2 тизмеге киргизилген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна берилген муниципалдык мүлк объекттери кирет.
13. № 2 тизмектин долбоорун ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасынын негизинде Комиссия карайт. Долбоордо муниципалдык мүлктүн аянты (курам), ошондой эле берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
14. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн жалпы пайдалануудагы жерлер, коомдук транспорт аялдамалары, жарнамалык калкандар жеңилдетилген ижара акысы менен пайдаланууга берилбейт.
V. Муниципалдык мүлктү жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берүү тартиби
15. Жеке жана юридикалык жактардын жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугун берүү жөнүндө арыздар, арызга каттоонун катар номерин берүү менен арызды каттоо датасы боюнча кезектүүлүктү белгилөө менен аларды арыздардын реестрине каттай турган ыйгарым укуктуу органга берилет. Арыздын кабыл алынгандыгы жана катталгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоо берилет.
16. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугун берүү жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызы төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш:
а) турак эмес имараттын, курулманын же жайдын, аларга бекитилген жер участокту көрсөтүү менен тибин, жалпы аянтын;
б) мүлктү пайдаланууда иш-аракеттердин максатын жана социалдык маанилүүлүгүнүн негиздемесин;
в) ижаралоонун болжолдуу мөөнөтүн.
17. Жеке жана юридикалык жактардан жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укуктарды берүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу жөнүндө маалыматы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
18. № 2 тизмеге киргизилген жактарга жеңилдетилген ижара акысы менен убактылуу пайдалануу укугу № 2 тизмекке киргизилген турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга ижарачылар тарабынан алардын бошотулушуна жараша кезектүүлүк принциби боюнча берилет.
19. Кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу укугун берүү жөнүндө ар бир арыз же жеке, юридикалык жактардын өкүлү тарабынан ырасталган, сунушталган кыймылсыз объектти пайдалануу укугунан жазуу жүзүндөгү баш тартуу ыйгарым укуктуу органдын реестринде катталууга тийиш.
20. Эгер арыз ээси аянты алар берген арызга ылайык келген, сунушталган кыймылсыз объекттерди пайдалануу укугунан эки жолудан ашык баш тарткан учурда, Комиссия жеңилдетилген ижара акысы менен муниципалдык мүлктү пайдалануу укугуна ээ жактардын кезегинен чыгарат. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берүү жөнүндө кайра берилген арыз кезектен чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин берилиши мүмкүн.
21. Ыйгарым укуктуу орган № 2 тизмеге киргизилген жактарга, убагы жана (же) аянты боюнча өзүнчө объекттерди бөлүп пайдаланбоосу менен жеңилдетилген ижара акысы менен № 2 тизмекке киргизилген ошол эле турак эмес имаратты, курулманы же жайды биргелешкен (жалпы) пайдалануу укугун сунуштоого укуктуу.
22. Жеңилдетилген ижара акысы менен биргелешкен (жалпы) пайдаланууда ижара акы ижарачылар ортосунда пайдаланылуучу турак эмес имараттын, курулманын же жайдын убагына жана (же) аянтына пропорциялуу бөлүнөт.
VI. Жеңилдетилген ижара акысы менен кыймылсыз мүлктүн ижара келишими
23. № 2 тизмеге киргизилген ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жеке жактар № 2 тизме жана № 2 тизмек бекитилген күндөн тартып отуз жумуш күн ичинде ыйгарым укуктуу орган менен № 2 тизмекке киргизилген тийиштүү турак эмес имараттын, курулманын же жайдын жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимин түзөт.
24. 10 жумуш күндүн ичинде жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимине кол тамга коюудан баш тартылган учурда, ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын кароосуна № 2 тизмеден бул ишкананы, мекемени, уюмду же жеке жакты чыгаруу жөнүндө маселени киргизет.
25. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими 3 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
26. Комиссиянын сунушу боюнча № 2 тизмеге киргизилген ар бир ижарачы үчүн Бишкек шаардык кеңеши жеңилдиктердин пайызын белгилейт жана бекитет.
VII. Рыноктук ижара акысы менен ижаралоо
27. № 3 тизмекке төмөнкүлөр кире турган ижаралык пайдаланууга берилүүчү муниципалдык мүлк объекттери кирет:
а) жанаша жайгашкан жер участогу менен турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар;
б) мүлктүк комплекстер (мүлктүк комплекстин бөлүгү);
в) жалпы пайдалануудагы жерлер, кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн жана муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө максатында ыйгарым укуктуу органга бекитилген жер участоктор;
г) коомдук транспорт аялдамалары, жер үстүндөгү, жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү, монументтик курулмалар, таянычтарга, жарнамалык калкандар, жол өткөргүчтөр, көрктөндүрүү объекттери;
д) жергиликтүү бюджетти толтуруу үчүн ар кандай формадагы муниципалдык мүлктү ижарага пайдаланууга берүүгө мүмкүн болуучу мүлктүк укуктук мамилелердин жаңы муниципалдык объекттери.
№ 3 тизмек үч топтон турат.
28. 28. 1-топ - ижара укугун берүүгө ыйгарым укуктуу органдын балансында турган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги аукцион өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
29. 2-топ - ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте аукцион аркылуу берилүүчү ыкчам, чарбалык жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууда турган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги.
30. 3-топ - комиссиянын чечиминин негизинде, ушул жободо көрсөтүлгөн объекттердин түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түз берүү жолу менен берилүүчү № 3 Тизмекте турган муниципалдык менчик объекттери.
31. Ыкчам, чарбалык жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууда турган объекттердин ижара келишими ыйгарым укуктуу орган жана ижарачынын ортосунда кол коюлат, түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү ижара келишими кол коюлган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө муниципалдык мүлктү пайдалануучуга жөнөтүлөт.
32. Объекттердин ижара келишиминин мөөнөтү ыкчам, чарбалык жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануунун ижара келишиминин мөөнөтүнөн аша албайт.
33. Ыкчам, чарбалык жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууда турган муниципалдык мүлктү ижарага берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык мүлктү пайдалануучулардын тийиштүү табыштамасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
34. Муниципалдык мүлктү пайдалануучулардан табыштаманы алгандан жана аны Комиссия карагандан кийин, ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте аукцион өткөрөт, же ушул Жободо көрсөтүлгөн түрлөрү боюнча түз ыкма менен мүлктү берет.
35. Объекти саатына пайдалануу менен ижарага берилген учурларда Комиссия ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында суткасына пайдаланылуучу сааттардын санына жараша баштапкы ижара акынын өлчөмүн аныктайт.
36. Муниципалдык мүлктү саатына пайдалануу учурунда ижаранын өлчөмүн аныктоодо ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо көрсөтүлгөн формуланы колдонот.
37. Аянты беш чарчы метрден көп эмес соода жүргүзүү жана көңүл ачуу кызматтарын көрсөтүү үчүн орундар (станционардык эмес, көчмө соода жана көңүл ачуу объекттери) Бишкек шаарынын сейил бактарынын аймагында объекттерди жайгаштыруу чиймесинин негизинде түз берүү жолу менен берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Бишкек шаарынын сейил бактарынын, гүлбакчаларынын, баккөчөлөрүнүн аймагында жайгаштырылуучу объекттердин тизмеги, саны, түрлөрү жана формаларын көрсөтүү менен чийме бир типте жана түстүү айкалышты эске алуу менен бак-дарактарды кароо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
39. Бишкек шаарынын сейил бактарынын аймагында объекттерди жайгашуу чиймеси бак-дарактарды кароо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана комиссия тарабынан жылына бир жолу бекитилет.
40. Бишкек шаарынын сейил бактарынын, гүлбакчаларынын, баккөчөлөрүнүн аймагында уруксат берилген бардык объекттер бир сааттын ичинде аларды демонтаждоо мүмкүнчүлүгү менен көчмө (дөңгөлөктүү) болушу керек.
41. Беш чарчы метрге чейинки аянты менен муниципалдык мүлк комплекстеринин аймагында электр самокаттарды жана велосипеддерди жайгаштыруу үчүн аянттарды ижарага берүү түз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Объекттерди жайгаштыруу чиймеси Бишкек шаарынын райондук администрациялары тарабынан иштелип чыгат жана комиссия тарабынан бекитилет. Ижара наркы комиссиянын чечими менен белгиленет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Соода аппараттарын, банкоматтарды, төлөө терминалдарын, кофе-машиналарды, сергитүүчү суусундуктарды жана калкка башка кызматтарды көрсөтүүнү (сүрөт, ксерокс, ачкычтарды даярдоо ж.б.) орнотуу үчүн беш чарчы метрден көп эмес орундарды түз берүү үчүн ыйгарым укуктуу органга муниципалдык мүлктү пайдалануучу тарабынан табыштама берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Ар бир келишимде чагылдырылуучу номерлери менен (штрих коду) лайт-бокстар ыйгарым укуктуу органга арыз берүүчүдөн табыштама берүү жолу менен берилет. Бир календардык жылга комиссия тарабынан аныкталуучу белгиленген баасы менен келишим берилет.
44. Бирдиктүү үлгүдөгү лайт боксторду жайгаштырууга укук берүү жолдогу транспорт кыймылына тоскоолдук жаратпашы керек, ушуга байланыштуу жалпы чийме жана жайгаштыруу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылууга тийиш.
45. Интернет кабелдерин, була-оптикалык кабелдерди жана байланыш каражаттарын жайгаштыруу үчүн муниципалдык тирөөчтөр жана мамылар ижарага түз берүү жолу менен берилет. Мында ижара акысынын өлчөмү Комиссия тарабынан аныкталат жана колдонулуп жаткан ушул сыяктуу келишимдерде көрсөтүлгөн ижара акысынан төмөн болбошу керек.
46. Проекциялык жарнакты орнотуу үчүн орундар түз берүү жолу менен берилет, ижара акынын наркы жана жайгаштыруу чиймеси Комиссия тарабынан 1 календардык жылга белгиленет.
47. Коомдук транспортто жарнамаларды трансляциялоо үчүн кичи-экранды жайгаштыруу укугу ижарачынын маалыматтарын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органга табыштама берүү менен берилет, Комиссия тарабынан ижара акынын өлчөмү белгиленет.
48. Беш чарчы метрден көп эмес аянты менен соода жүргүзүү үчүн муниципалдык рыноктордун мүлктүк комплексинин жер участогуна ижара укугун берүү түз ыкма менен жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жарандардан арыздар ижарачынын маалыматтарын көрсөтүү менен ижара акынын наркы аныктала турган комиссия тарабынан каралат.
50. Келишим түзүүнүн артыкчылыктуу укугун муниципалдык рынокто каралып жаткан жерде мурда ишин жүзөгө ашыруучу пайдалануучулар ала алышат.
51. Беш чарчы метрден көп эмес түз метод менен ижаралануучу муниципалдык мүлктөр ич ара биригип албашы жана бири-биринен бир метр аралыкта болушу керек.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Ижарачы менен түз берүү жолу менен ижара келишимин түзүү бир жыл үчүн ижара акынын суммасы толук төлөнгөн учурда жүргүзүлөт. Ижара акынын суммасы комиссия тарабынан белгиленет.
53. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишим 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
Рыноктук ижара акысы менен мүлктүк комплекстерге (сейилбак) жана спорт залдары ижаралоо келишими 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
54. № 3 Тизмекте № 3 топто тургандарга ижара акыны ижарачы тарабынан алдын-ала (аванс менен) төлөө даярдыгы болгон учурда, комиссия накта жүргүзүлгөн алдын ала төлөөнүн тийиштүү мезгилине келишим түзүү тууралуу тийиштүү чечим кабыл алууга укуктуу. Мында алдын ала төлөөнүн максималдуу мөөнөтү 15 жылдан ашпашы керек.
55. 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн ижара келишимдердин иштөө мөөнөттөрүн узартууда ижара акынын баасы тийиштүү өткөн 1-5 жылдар үчүн баанын инфляциясына теңдеш өлчөмдө көбөйтүлүүгө тийиш.
Комиссия, мүлктүк комплекстин (сейилбак) же спорт залы ижарачысынын арызына ылайык, ижара келишиминин мөөнөтүн бирдей мөөнөткө узартууга укуктуу, бул учурда ижара акысынын наркы акыркы 5 жылдын инфляциясына ылайык көтөрүлүүгө тийиш, ошондой эле ижарачы 10 жылдан 15 жылга чейинки узартуу мөөнөтүнө ижара акысын аванс түрүндө төлөөгө даяр болсо ижарачыга келишиминин мөөнөтүн инфляцияны эсепке албай жана жалпысынан ижара акысын жогорулатпай 10 жылдан 15 жылга узарта алат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Баанын инфляциясын аныктоодо ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын акча-кредиттик саясат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жыл сайын бекитилүүчү отчётун жетекчиликке алат.
57. Ушул Жободо көрсөтүлгөн, бекитилген коэффициенттерди аукционго коюлуучу объекттерге карата колдонуу мүмкүн эмес болгон учурда, ижара акынын баштапкы баасы Комиссия тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
58. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жак жана ыйгарым укуктуу орган аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде, аукционду өткөрүү жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн протоколго кол тамга коюлган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзөт.
59. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жак белгиленген мөөнөттөрдө ижара келишимине кол тамга коюудан баш тарткан учурда, киргизилген кепилдик төгүмүн жоготот, ал эми ыйгарым укуктуу орган муну муниципалдык мүлктү пайдалануу укугунан баш тартуу деп кабыл алат.
60. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жак менен ижара келишимин түзүүдө аларга киргизилген кепилдик төгүм түзүлгөн ижара келишими боюнча милдеттемелерди аткаруунун эсебинен эсептелинет.
61. Аукциондун жеңүүчүсү тарабынан келишимдин шарттары бузулган учурда, ыйгарым укуктуу орган ижара келишимин бузуу жана объект бошогондон кийин белгиленген тартипте жаңы аукцион өткөрүү жөнүндө маселени Комиссиянын кароосуна киргизет.
62. Ижара келишими ыйгарым укуктуу орган жана аукциондун жеңүүчүсү - жактын ортосунда түзүлөт.
63. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектисинин рыноктук ижара акысы менен типтүү ижара келишиминин негизинде түзүлөт.
64. Комиссиянын чечими менен ижара келишимин колдонуу мөөнөттөрү өз каалоосун билдирген жана ижара келишиминин шарттарын бузбаган ижарачыларга ушундай эле мезгилге узартылышы мүмкүн.
65. Келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартуу мурда түзүлгөн келишимди узартуу жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
66. Ижара келишимин түзгөнгө чейин ижарачы ыйгарым укуктуу органдын депозиттик эсебине төлөнө турган депозит катары үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы төлөйт.
67. Ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай мурун ижарачы ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн чараларды көрөт же келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ижарага алынган кыймылсыз мүлк объектини бошотот жана ыйгарым укуктуу органга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берет.
68. Ижарага алынган кыймылсыз объект өз убагында бошотулбаган учурда, ижарачы ыйгарым укуктуу органга ар бир өтүп кеткен күн үчүн бир айлык ижара акынын суммасынан беш пайыз өлчөмдө үстөк айып төлөйт.
69. Мында, ижара акы боюнча карыз, кыймылсыз объекти өз убагында бошотпогондугу үчүн айып пул же ижарага берилген объектти оңдоо наркы түрүндө объекттин накта эскиришинен ашкан өлчөмдө ижарачынын күнөөсү менен келтирилген материалдык зыянды жоюу боюнча сумманы эсептен чыгаруу менен киргизилген депозит ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан, ижарага берилген кыймылсыз объект бошотулгандан кийин ижарачыга кайтарылат.
70. Бошотулган кыймылсыз объект рыноктук ижара акысы менен аны ижарага берүү үчүн кайра аукционго коюлат, түз ыкма менен берилген учурда - белгиленген тартипте кайра берүүгө коюлат.
71. Ижарага алынган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы көтөрөт.
72. Аукционду өткөрүү тартиби жана жыйынтыктары, анын ичинде аларды жараксыз деп табуу менен байланышкан талаштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
VIII. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линия боюнча ижарага берүү
№ 4 тизмекке мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линия боюнча ишке ашырылуучу ижаралык пайдаланууга берилүүчү № 1, 2, 3 тизмекке киргизилбеген муниципалдык мүлк объекттери кирет.
Муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун берүү Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерине пайдалануу укугун берүүдө объектти эксплуатациялоого киргизүү учурунан тартып жаңы объектти куруу, жүргүзүлгөн реконструкциялоо, кайра пландоо боюнча бардык жүргүзүлгөн жакшыртууларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү милдеттүү шарт болуп саналат.
IX. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион уюштуруу
73. Электрондук тооруктардын предмети болуп Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисине рыноктук ижара акысы менен ижара, субижара, узак мөөнөттүү ижара келишимин түзүү укугу болуп саналат.
74. Муниципалдык мүлктү аукционго коюу жөнүндө Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүү датасына чейин 30 күндөн кем эмес убакта "өздүк кабинет" аркылуу электрондук соода аянтына маалыматтык билдирүү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жана аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин сайттарына жайгаштырууга милдеттүү.
75. Электрондук аукцион ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
76. Маалыматтык билдирүү төмөнкү маалыматтарды милдеттүү түрдө камтууга тийиш:
а) ижарага берүүчүнүн аталышын;
б) муниципалдык мүлктүн жайгашкан ордун;
в) идентификациялык кодун жана функционалдык дайындалышын, аянтын жана параметрлерин (мүнөздөлүшү), техникалык абалын;
г) аукционго катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;
д) аукционго катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жана аяктоо датасын, убактысын;
е) баштапкы баасын;
ж) кепилдик төгүмдүн суммасын жана төгүү мөөнөтүн, ал которулууга тийиш болгон банктын реквизиттерин;
з) аукциондун кадамынын өлчөмүн;
и) ижара мөөнөтүн;
к) электрондук соода аянтынын кызмат көрсөтүү наркын;
л) ыйгарым укуктуу органдын кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш маалыматтарын;
м) аукционго коюлган мүлккө тиешеси бар маалыматтарды;
н) ыйгарым укуктуу органдын корутундусун (узак мөөнөттүү ижара түзүү үчүн).
77. Аукцион өткөнгө чейин электрондук соода аянтында каттоодон өткөн жактарга аукционго катышууга жол берилет.
78. Каттоо төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:
а) жеке жактар үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу менен:
электрондук кол тамга коюуну;
катышуучунун телефонунун катталган номерине жөнөтүлгөн ПИН-кодун тастыктоо менен, электрондук чиптин (е-ID) болуусу менен ID-картасы;
б) юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу менен:
электрондук кол тамга коюуну;
ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн электрондук документтерди тиркөө менен идентификациянын колдонулуучу формаларын;
юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн;
жетекчини дайындоо жөнүндө буйругун жеке жактын идентификациялык маалыматтары боюнча же каттоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу жакка карата ишеним катты.
79. Электрондук соода аянтынын катышуучулары, оператору жана ижарага берүүчүнүн ортосундагы документ жүгүртүү электрондук документтер же документтердин электрондук үлгүлөрү (реквизиттерди сактоо менен сканерленген электрондук-санариптик түрдө кайра түзүлгөн кагаз түрүндөгү документтер) түрүндө электрондук соода аянты аркылуу жүзөгө ашырылат.
80. Аукцион ижара акысынын наркын көтөрүүгө карата өткөрүлөт. Аукцион кадамынын өлчөмү баштапкы наркынын 20 пайызын түзөт жана аукцион өткөрүлүп бүткөнчө өзгөрбөйт. Аукционго коюлуучу бардык объекттер лотторго бөлүнөт. Аукциондо объекттер "бир номер - бир лот" чиймеси боюнча сатылат.
81. Бир объектке эки жолудан көп аукциондун катышуучулары жок болгон учурда, комиссиянын чечими менен баштапкы ижара акынын суммасы 50%дан көп эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн.
82. Аукциондун катышуучусу электрондук соода аянтта аукциондун жыйынтыктары тууралуу жарыяланган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү жөнүндө арызы менен ыйгарым укуктуу органга милдеттүү тартипте кайрылат.
X. Аукциондун катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
83. Электрондук аянттын оператору төмөндөгү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) электрондук соода аянтында аукциондун катышуучуларын каттоо мүмкүнчүлүгүн, алар тарабынан идентификациялык маалыматтардын киргизилүүсүн камсыздайт;
б) электрондук соода аянтында катышуучуларды каттоо тартибин аныктайт;
в) электрондук форматта муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн аукциондун катышуучуларынын, алар тараптан бардык бош жерлер толтурулган шарттарда, арыздарды берүүлөрүн, ошондой эле кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин арыздардын берилүүсүн токтотууну камсыздайт;
г) электрондук форматта муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна аукционго аларды катышуучу деп таанылгандыгы же катышууга жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө катышуучуларга билдирүүнү камсыздайт;
д) ижара укугун берүү жол-жобосуна бардык катышуучулардын бирдей мүмкүнчүлүгүн, электрондук соода аянтында колдонулуучу программалык-аппараттык каражаттардын ишенимдүү иштөөсүн камсыздайт;
е) электрондук соода аянтында электрондук форматта муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну камсыздайт;
ж) ыйгарым укуктуу органга электрондук документтерди жөнөтүүдөн тышкары, аукциондун катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;
з) ушул жобого ылайык башка функцияларды аткарат.
84. Электрондук соода аянтынын оператору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
а) электрондук соода аянтына катышуучулардын кирүүсүн камсыздоо;
б) электрондук соода аянтында табыштамаларды кабыл алуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты жайгаштыруу учуруна чейин келип түшкөн табыштамалар жана аларга тиркелген документтер жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле ушул Жободо каралган табыштамаларга жана документтерге ыйгарым укуктуу органдын жетүү мүмкүндүгүнөн тышкары, табыштама берген адамдар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо.
85. Электрондук соода аянтынын оператору электрондук соода аянтындагы программалык-аппараттык каражаттар менен белгиленген техникалык бузулуулар учурунда муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүү бир суткадан ашпаган мөөнөткө токтотот. Аукцион өткөрүүнү жандандыруу ал токтотулган учурдан тартып башталат.
86. Электрондук соода аянтынын оператору аукцион өткөрүү токтотулган убакыттан тартып бир сааттын ичинде аукциондун токтотулган себеби, аукциондун токтотулган жана жандандыруу убактысы тууралуу электрондук соода аянтында жайгаштырат, бул жөнүндө катышуучуларды кабарлайт, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматты ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
87. Оператор аукциондун катышуучуларын Интернет тармагына кошулуудагы үзгүлтүктөр үчүн, ошондой эле электр берүүгө байланышкан тутумдагы бузулуулар жана форс-мажордук жагдайлар, башкача айтканда жеңилгис күчтөрдүн жагдайлары (суу каптоо, өрт, жер титирөө, жарылуу, эпидемиялар же башка жаратылыш кырсыктары, согуш, согуш аракеттерин киргизүү, өзгөчө кырдаал же согуштук абалды киргизүү) үчүн жоопкерчилик тартпайт.
88. Муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна аукцион уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан электрондук документтер, анын ичинде ижарага берүүчүдөн, катышуучулардан алынган электрондук документтер электрондук соода аянтынын оператору тарабынан сакталат.
89. Электрондук соода аянтынын операторуна муниципалдык мүлктүн ижарачысы катары чыгууга тыюу салынат.
90. Ижарага берүүчү тооруктун катышуучуларынын талабы боюнча учурдагы абалын кароо үчүн муниципалдык мүлккө кирүүнү камсыздайт. Катышуучулардын суроо-талабы боюнча ижарага берүүчү укук белгилөөчү документтерди жана объекттин сүрөткө тартылган материалдарын таанышуу үчүн берет.
91. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион жарыяланган ижарага берүүчүгө карата муниципалдык мүлктү пайдалануу зарылчылыгы пайда болгон учурда, ижарага берүүчү табыштама кабыл алынган күндөн кечиктирбестен электрондук соода аянтынын "өздүк кабинетинде" аукцион өткөрүү тууралуу табыштамасын чакырып алуу укугуна ээ. Ижарага берүүчү аукцион өткөрүүдөн баш тарткан учурда, катышуучулар тарабынан киргизилген кепилдик төгүмдөр 10 банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.
92. Жеңүүчү ижара келишимин белгиленген мөөнөттө түзүүдөн четтегенде же баш тартканда, ыйгарым укуктуу орган тарабынан аукциондун жыйынтыгы жокко чыгарылат, ал эми жеңүүчү келишим түзүү укугун жоготот, кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.
93. Жеңүүчү болуп таанылган жана ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан аукциондун катышуучусу, баш тарткан учурдан тартып бир жыл ичинде бардык аукциондорго катышуу укугунан ажырайт жана ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.
94. Ыйгарым укуктуу органдардын Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык мүлктү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тийиштүү чечимдери, Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
XI. Аукцион өткөрүү
95. Маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн, документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен, электрондук кол тамга же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү паспорту (ID-карта) менен күбөлөндүрүлгөн арыз, электрондук соода аянтынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган анын электрондук формасын толтуруу жолу менен берилет.
96. Бир адам бир гана табыштама берүү укугуна ээ. Ар бир арыз боюнча кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен номер ыйгарылат.
97. Тиркелген документтери менен арыз, ошондой эле электрондук соода аянтчасындагы маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөтүн бузуу менен берилген баа жөнүндөгү сунуш катталбайт.
98. Катышуучу аукционго катышуу үчүн маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн эсепке 100 пайыздык (ушул жободо көрсөтүлгөн коэффициенттерге ылайык муниципалдык мүлктү пайдалануу укугуна баштапкы баа) кепилдик төгүмдү төлөөгө тийиш.
99. Кепилдик төгүм жеңүүчүдөн тышкары, бардык катышуучуларга жана аукциондун катышуучуларына аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол тамга коюлган учурдан тартып 10 банктык күн ичинде кайтарып берилет.
100. Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм ижара акысынын төлөө эсебине чегерилип коюлат. Аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол тамга коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тартылган учурда, аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарып берилбейт.
101. Жеңүүчү электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүүлөрүн аукциондун жыйынтыгы боюнча төлөйт.
102. Эгер аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирмеде башкалар каралбаса, ыйгарым укуктуу орган каалаган убакта электрондук соода аянтчасындагы аукционду өткөрүүнү токтото алат, бирок аукцион башталганга чейин 1 жумуш күндөн кечиктирбестен, өз кезегинде аукциондун катышуучуларына кабарлай турган, электрондук соода аянтчасынын операторуна кабарлайт.
103. Аукционду өткөрүүдөн ыйгарым укуктуу орган баш тарткан учурда, катышуучулар тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүмдөр 10 банктык күн ичинде кайтарылууга тийиш.
104. Электрондук аукцион электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн күндө жана убакытта өткөрүлөт.
105. Аукцион аукциондун кадамына ылайык өлчөмдө катышуучулар тарабынан сатуунун баштапкы баасын ырааттуу жогорулатуу жолу менен өткөрүлөт.
106. Электрондук соода аянтчасынын оператору аукциондун катышуучуларын каттайт.
107. Аукционду өткөрүү жол-жобосунун убагында электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүнө катышуучуларды киргизүүнү жана алар тарабынан аукциондо коюлган муниципалдык мүлктүн ижаралоо баасы жөнүндөгү сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
108. Аукционду өткөрүү жол-жобосу башталгандан тартып электрондук соода аянтчасынын оператору тарабынан төмөнкүлөр жайгаштырылат:
электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө - муниципалдык мүлктүн маалыматтарды, баштапкы баасын жана учурдагы аукциондун кадамын көрсөтүү менен аукционду өткөрүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалымат;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүндө - электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан башка ижаранын баштапкы баасы, айтылган кадамга ылайык катышуучулардын сунуштарын кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакыт жана алардын келип түшүү убактысы жөнүндө маалымат.
109. Электрондук соода аянтчасынын программалык каражаттары тарабынан төмөнкүлөр камсыздалат:
катышуучу тарабынан аукциондун кадамынын көлөмүнө карата утурумдук бааны көбөйтүүгө тийиштүү болбогон мүлктүн ижара баасы жөнүндө сунушту берүү мүмкүнчүлүгүн алып таштоо;
эгер башка катышуучу тарабынан мурда ушул сыяктуу сунуш берилгендикке байланыштуу катышуучунун мүлктү ижаралоо жөнүндө сунушу кабыл алынбаган учурда катышуучуну кабарлоо.
110. Аукциондун жеңүүчүсү болуп мүлктү ижаралоонун эң жогорку баасын сунуштаган катышуучу таанылат.
111. Аукционду өткөрүүнүн жүрүшү оператор тарабынан электрондук базага жазылат жана аукциондун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган учурдан тартып чагылдырылат.
112. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор ыйгарым укуктуу орган тарабынан кол тамга коюлган учурдан тартып аукциондун жол-жобосу аяктады деп эсептелинет.
113. Жеңүүчү тарабынан сунушталган муниципалдык мүлктү ижаралоо баасын камтыган жана ижара келишимин түзүүгө жеңүүчүнүн укугун күбөлөндүргөн аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол 3 жумуш күн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан кол тамга коюлат жана арыз ээсине берилет.
114. Аукцион төмөнкү учурларда өткөн болуп таанылат, эгер:
катышууга бир да арыз берилбесе же арыз берүүчүлөрдүн ичинен бири да катышуучу болуп таанылбаса;
катышуучу болуп бир гана арыз берүүчүнү гана таануу жөнүндө чечим кабыл алынса, мында кепилдик төгүм 10 банктык күн ичинде кайтарылууга тийиш.
115. Аукцион өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол менен таризделет.
116. Аукциондун жыйынтыктары жана жеңүүчүнү таануу электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылат.
117. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол тамга коюлгандан кийин 1 сааттын ичинде жеңүүчүгө ушул протоколду тиркөө менен аны жеңүүчү деп таанылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлөт. Мындан тышкары, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүнө төмөнкү маалымат жайгаштырылат:
муниципалдык мүлктүн функционалдык дайындалышы жана башка аны жекелештирүүгө жол берген маалыматтар (лоттун өзгөчөлүгү);
муниципалдык мүлктүн ижара наркы;
жеке жактын аты-жөнү же жеңүүчү-юридикалык жактын аталышы.
118. Муниципалдык мүлктү ижаралоо келишими ыйгарым укуктуу орган менен аукциондун жеңүүчүсүн аныктаган датасы менен, аукциондун жыйынтыктары тууралуу протокол кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен, электрондук соода аянтчасында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
119. Жеңүүчү муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин белгиленген мөөнөттө түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, жеңиш экинчи орун алган катышуучуга берилет, эгерде ал ижара келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, аукциондун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат. Жеңүүчүлөр келишим түзүү укугун жоготот, кепилдик төгүм аларга кайтарылып берилбейт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.
120. Муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун берүү шарттары, ижарага берүүчү жана ижарачынын укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчилиги жана ижаранын башка шарттары ижара келишими менен белгиленет.
121. Ижарачы муниципалдык мүлктүн ижара келишими күчүнө кирген жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча объектти кабыл алган учурдан тартып ижарага алат.
122. Муниципалдык мүлктүн ижара келишими тараптардын ар бирине бирден нускадан, 2 нускада түзүлөт. Ижара келишими 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн учурда келишим 3 нускада түзүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мөөнөттүү пайдалануу укугунун келип чыгышы жөнүндө жазууга киргизүү үчүн жөнөтүлүүгө тийиш. Келишимди каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.
123. Өткөрүлгөн аукциондун негизинде эң жогорку суммадагы ижара акысын сунуштаган ижарачы төмөнкү укуктарга ээ болот:
а) бул объектти жана жер участогун ижаралык пайдаланууга;
б) өзүнүн эсебинен белгиленген тартипте жаңы объектти реконструкциялоого же курууга;
в) объекттерди, анын ичинде түзүлгөн ижара келишиминин иш-аракеттеринин бардык мезгилинде ушул жобо менен каралган шарттарда кайра түзүлгөн объекттерди пайдаланууга.
124. Ыйгарым укуктуу орган ижарачныны күнөөсү боюнча ижара келишимин түзүү мөөнөттөрү бузулган учурлардан тышкары, чечимдердин өз убагында кабыл алынышы жана муниципалдык мүлктүн ижара келишиминин түзүлүүсү үчүн жоопкерчилик тартат.
XII. Баштапкы айлык рыноктук ижара акыны аныктоо тартиби
125. Баштапкы айлык рыноктук ижара акы ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде Комиссия тарабынан бекитилет.
126. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн бир айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
(айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму) = (кыймылсыз мүлк объектисинин орточолонгон баланстык наркы) х К х К1 х К2 х К3,
мында:
кыймылсыз мүлк объектисинин орточолонгон баланстык наркы айына 21 сом/чарчы метр/ жана конкурска коюлган кыймылсыз мүлк объекттеринин курамынын өзгөрүшүнө жана алардын баланстык наркынын амортизацияланышына байланыштуу жылына бир жолу кайра каралышы мүмкүн;
К - турак эмес жайлардагы долбоор менен каралган ашканаларды ижарага алган ижарачылар үчүн гана колдонулуучу коэффициент жана 0,5 ге барабар;
К1 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлардын түрүн эске алган коэффициент жана:
өзүнчө турган турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 3,0гө барабар;
1-кабаттагы турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 2,5ке барабар;
жарым жер төлө түрүндөгү (жер төлө кабаты) турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 2,0гө барабар;
жер төлө түрүндөгү турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 1,5ке барабар.
К2 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектисинин жайгашкан ордун эске алган коэффициент жана:
Киев, Токтогул, Москва, Жоомарт Бөкөнбаев, Максим Горький, Иса Ахунбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Байтик Баатыр - Юсуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Шабдан Баатыр - Курманжан Датка көчөлөрүндө, Чүй, Чыңгыз Айтматов, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварларында жайгашкан Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн - 3,0гө барабар;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жана жогоруда аталган көчөлөрдүн квадраттарынын ичинде жайгашкан турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн - 2,7ге барабар;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жана 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, "Асанбай", "Жал", "Аламүдүн-1" кичи райондорунда жайгашкан кыймылсыз объекттери үчүн - 2,5ке барабар;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жана "Тунгуч" кичи районунда, ошондой эле "Чоң-Арык" конушунда жайгашкан бардык калган кыймылсыз объекттер үчүн - 2,2ге барабар.
К3 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин техникалык түзүлүшүнүн коэффициенти жана алар төмөнкүлөргө барабар:
1,5 - суу түтүк, канализация, ысык суу, борбордук жылытуу;
1,4 - суу түтүк, канализация, борбордук жылытуу;
1,3 - суу түтүк, канализация, ысык суу;
1,2 - борбордук жылытуу;
1,2 - суу түтүк, канализация;
1,0 - техникалык түзүлүшү жок.
127. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктүк комплекс же анын бөлүгү, жалпы пайдалануудагы жерлер, турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга жанаша жер участоктору үчүн айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму жер участокторду берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. Айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюмунун эсеби ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
128. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин ижарага рыноктук ижара акысы менен берүүдө баштапкы жана акыркы ижара акысынын өлчөмдөрүн талдоону жана салыштырууну жүргүзөт жана бир айлык рыноктук ижара акысынын конкурстук коюмдары жөнүндө маалыматтардын чогулуусуна жараша формулалардагы коэффициенттерди оңдоп түздөйт.
129. Рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген ар бир кыймылсыз мүлк объектиси боюнча баштапкы айлык рыноктук ижара акысын аныктоо үчүн пайдаланылган материалдар белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органда сакталат.
130. Белгиленген коэффициенттер колдонулбаган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттерин (коомдук транспорт аялдамалары, таяныч түркүктөр, монументалдык курулуштар, жарнамалык такталар, отказандардын морлору ж.б.) ижарага берүүдө ижара акынын баштапкы суммасы Комиссиянын чечими менен белгиленет.
XIII. Объектти саат боюнча пайдаланууда баштапкы ижара акынын эсеби (ОСПБИАЭ)
СПБИАЭ = БАИАӨ / 30/24 * ПБУ
СПБИАӨ - саат боюнча пайдаланууда баштапкы ижара акынын өлчөмү;
БАИАӨ - баштапкы айлык ижара акынын өлчөмү;
30 - бир айдагы күндөрдүн орточо саны;
24 - суткадагы сааттардын саны;
БПУ - пайдалануучунун (ижарага берүүчү) графигине ылайык, айына (саатына) ижарага алынуучу объектти пайдалануунун берилүүчү убактысы.
XIV. Комиссиянын курамы, анын укуктары жана милдеттери
131. Муниципалдык мүлк боюнча комиссия өзүнүн иш-аракетин төмөнкү курамда жүзөгө ашырат:
Комиссиянын төрагасы - муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Комиссиянын төрагасынын орун басары - ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси;
Комиссиянын катчысы - ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин орун басары (добуш берүү укугусуз);
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчыларынын орун басарлары;
Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын юридикалык бөлүмүнүн кызматкери;
архитектура жана курулуш боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин орун басары;
муниципалдык мүлктү пайдаланууну контролдоо боюнча Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин орун басары.
132. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) муниципалдык мүлктү пайдалануу укугуна баштапкы бааны белгилөөгө;
б) ушул жобо менен бекитилген, коэффициенттер колдонулбаган, объекттер боюнча ижара акынын баштапкы суммасынын өлчөмүн аныктоого;
в) аукцион өткөрүүдөн баш тартуунун себебин түшүндүрбөстөн, аны өткөрүүнү кийинкиге калтырууга же жарыяланган тоорук өткөрүү датасына чейин ар кандай объектти аукциондон алып салууга. Көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен аукцион өткөрүүдөн баш тарткан учурда, конкурстун уюштуруучусу 10 календардык күндүн ичинде тооруктун катышуучуларына кепилдик төгүмдү кайтарып берүүгө милдеттүү;
г) рыноктук ижара акысы менен ижара келишимдеринин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
д) келишимде жазылган учурларда ар кандай келишимди бир тараптуу бузуу жөнүндө чечим кабыл алууга.
е) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана жыйында каралуучу маселелерге тиешелүү материалдарды суроого жана алууга;
ж) ижара акы боюнча ижарачыда карызы болгон учурда, жаңы мөөнөткө ижара укугун түзүүгө жана узартууга ижарачынын арызын комиссиянын күн тартибинде карабоого.
133. Комиссия ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукцион өткөрүүгө милдеттүү.
134. Комиссия өз ишин жыйын формасында жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйындары бир айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйындарынын жыйынтыктары комиссиянын жыйыны болгон күнү, ар бири комиссиянын катчысы, төрагасы жана бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюла турган эки нускадагы протоколдор менен жол-жоболоштурулат. Протоколдордун ар бир барагы комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, протоколдун экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт.
135. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиден кем эмес кворуму болгондо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Комиссиянын төрагасы кабыл алынуучу чечимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык комиссиянын компетенциясына кирген функциялардын тиешелүү аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
1351. Муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун акы төлөп берүү, узартуу же токтотуу менен байланышкан комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.
Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Комиссиянын жыйынын комиссиянын төрагасы, жүйөөлүү себептер боюнча ал жок болгондо, комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.
137. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Интернет тармагында (социалдык тармактардын расмий бетинде) түз көрмө трансляциялоо аркылуу онлайн режимде көрмө жазма жүргүзүлөт.
Комиссиянын иши менен байланышкан материалдар жана көрмө жазмалар, анын ичинде протоколдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
138. Ыйгарым укуктуу орган:
Комиссия мүчөлөрүн жана муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияны жыйын өткөнгө чейин 10 күн мурун боло турган жыйынды кабарлайт жана материалдар менен камсыздайт;
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына комиссия тарабынан кол коюлган протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.
139. Комиссиянын мүчөсү түз кызыкчылыгы же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамилелери бар болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катыша албайт.
XV. Муниципалдык мүлктүн объекттерин бошотуу тартиби
140. Муниципалдык мүлктүн объекттери төмөнкү учурларда бошотулууга тийиш:
а) жеке жана юридикалык жак тарабынан муниципалдык мүлктүн объектинде пайдаланууга тийиштүү уруксат берүүчү документтерисиз иштеген учурда;
б) соттун чечими боюнча;
в) төмөнкү учурларда комиссиянын чечими боюнча;
келишимдин шарттары бузулганда;
3 ай ичинде ижара акылар төлөнбөгөндө;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын жашоо турмушун жана өнүгүүсүн жөнгө салуучу чечимдер кабыл алынганда.
141. Муниципалдык мүлктүн объекттин бошотуу 5 күн мурун алдын-ала кабарлоо боюнча объектти пайдалануучунун эсебинен жүргүзүлөт. Тийиштүү документтерисиз ээленген объектти бошотуу учурунда алдын-ала кабарлоо талап кылынбайт.
142. Муниципалдык мүлктүн объектинин пайдалануучусу табылбаса жана андан ары аны жүргөн жерин табуу мүмкүн болбосо, бошотуу тууралуу кабарлама объектке бекитилет, бул тууралуу акт түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат.
143. Бошотуу жүргүзүлгөндөн кийин муниципалдык мүлктүн объектинин пайдалануучусу, пайдаланылган объектин абалы начарлаган учурда, объектти баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.
144. Пайдалануучу тарабынан ремонт иштери жана муниципалдык мүлктүн объектинен ажырагыс жакшыртуулар жүргүзүлгөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайтарылып берилбейт жана орду толтурулбайт.
145. Муниципалдык мүлктүн объекттин бошотуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бошотуу тууралуу кабарламада көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөт аяктаганда, объекттин пайдалануучусунун же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Бошотууда пайдалануучу же анын өкүлү объектти анда болгон материалдык баалуулуктардан өз алдынча бошотууга милдеттүү.
146. Пайдалануучу же анын өкүлү тараптан бошотуу жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлгөн учурда, объектте болгон материалдык баалуулуктарга тизим түзүлөт жана андагы болгон материалдык баалуулуктары менен мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыянды компенсациялоосуз бошотуу жүргүзүлөт, ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
147. Пайдалануучу жок болгон учурда, объект мөөр басылып бекитилет жана андагы болгон материалдык баалуулуктары менен мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыянды компенсациялоосуз бошотуу жүргүзүлөт, ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
148. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бошотуу жүргүзүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлери жана адистери, ошондой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдары тартылышы мүмкүн.
149. Муниципалдык мүлктүн объектин бошотууда материалдык баалуулуктар Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган топтоо жана сактоо жерине жөнөтүлөт. Материалдык баалуулуктарды берүү пайдалануучу тарабынан бошотуу, сактоо боюнча келтирилген бардык чыгымдар төлөнгөндө ушул жобонун ченемдерине жана ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү тастыктоосуна ылайык жүргүзүлөт.
150. Муниципалдык мүлктүн объектинде турган материалдык баалуулуктарды сактоо акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.
151. Материалдык баалуулуктарды сактоого кабыл алган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган топтоо жана сактоо жеринин администрациясы анын сакталышына жоопкерчилик алат.
152. Топтоо жана сактоо жеринин администрациясы материалдык баалуулуктарды 1 (бир) ай ичинде сактайт. 1 (бир) ай аяктагандан кийин, ыйгарым укуктуу орган аларды ээсиз деп табуу тууралуу сотко кайрылуу укугуна ээ.
153. Сот тарабынан талап кылынбагандарды (ташталгандарды) ээсиз материалдык баалуулуктар деп тапкан учурда, алар муниципалдык менчикке өтөт.
XVI. Бишкек шаарынын мүлкүнө муниципалдык менчик укуктарын мамлекеттик каттоо
154. Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө карата укук, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын келип чыгышы, өткөрүп берилиши же токтотулушу мамлекеттик каттоо органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт.
155. Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо менчик ээси катары ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлөт.
156. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берген учурда, каттоо карточкасынын тийиштүү бөлүмдөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты көрсөтүлөт, ал эми ыйгарым укуктуу орган менчик ээси катары катталат.
157. Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтери болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар саналат.
158. Муниципалдык мүлккө катталган менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде гана чечилет.
159. Мүлккө муниципалдык менчик укугун каттоо Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн жана башка түшкөн каражаттардын алкагында этап боюнча жүргүзүлөт.
160. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган же ага өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеси (мындан ары - "ММ" тизмеси) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизилет.
161. Жаңы алынган мүлк "ММ" тизмесине кошумча пункт менен киргизилет жана Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизилет.
162. Бишкек шаардык кеңеши тарабынан "ММ" тизмеси бекитилгенден кийин, ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органында Бишкек шаарынын бекитилген муниципалдык мүлкүн көрсөтүлгөн максаттарга жергиликтүү бюджеттин бөлүнгөн каражаттардын алкагында мамлекеттик каттоодон өткөрөт.
163. Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестри объекттердин көбөйүүсүнө жараша толуктала турган, "ММ" тизмесинен турат.
164. Реестр төмөнкү негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
а) объекттерди сүрөттөөнү;
б) объекттердин жайгашкан ордун көрсөтүүнү;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жеке же юридикалык жактар ээлик кылган Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерине укукту ырастоочу документтерди;
г) объекттерди пайдаланууга чектөөлөрдүн тизмегин;
д) объекттердин баланстык наркын;
е) жактын атын (аталышын) - аукциондун жеңүүчүсү, бааны жана башка шарттарды жана рыноктук ижара акысы менен ижара келишими боюнча чектөөлөрдү камтуу менен, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды;
ж) мүлккө муниципалдык менчик объекттерин пайдалануу жана өзгөчөлүгү менен байланышкан башка маалыматтарды.
165. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын:
а) 10-январдан кеч эмес Бишкек шаардык кеңешине белгиленген тартипте № 1 - № 4 тизмелер жана тизмектер боюнча аткарылган иштер жөнүндө отчёт берет;
б) 10-февралдан кеч эмес Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрин Бишкек шаардык кеңешине бекитүүгө киргизет.
166. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын Бишкек шаардык кеңешине өткөн жыл үчүн реестр боюнча отчёт берет.
167. Реестр эки нускада түзүлөт, реестрдин бир нускасы Бишкек шаардык кеңешинде, ал эми экинчиси - ыйгарым укуктуу органда болот.
168. Ыйгарым укуктуу орган жылына бир жолудан кем эмес Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органында мамлекеттик каттоодон өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеги жөнүндө отчёт берет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |