Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 102
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, жүргүнчүлөр транспортунун муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомунун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) Бишкек шаарынын аймагында жол жүрүү акысы үчүн жаңы тарифтер менен экспресс каттамдарды уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
б) жол жүрүү билеттеринин түрлөрүн (суткалык, жумалык, айлык, жылдык) көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту (троллейбус, бардык класстардагы автобустар) менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга ТАРИФТЕР
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:
троллейбуста - 17,00 сом;
менчиктин түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) - 17,00 сом;
менчиктин түрүнө карабастан чакан класстагы автобустарда - 20,00 сом.
менчиктин түрүнө карабастан, валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда накталай формада жол кирени төлөөдө - 20,00 сом.
2. Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:
40 кг жогору же 50х60х100 см көлөмү менен - 17,00 сом.
3. 1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:
мектептик 360,00 сом;
стандарттык 1020,00 сом.
Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын өздүк наркы киргизилет.
4. Бишкек шаарынын жарандарынын төмөнкү категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:
жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
бала кезинен ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
7 жашка чейинки балдарга;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүү үчүн акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлүп, сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук карта негиз болуп саналат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |