Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-марты № 73
Бишкек шаардык кеңешинин "Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, 2022-жылдын 16-декабрындагы Бишкек шаардык кеңешинин ХIII сессиясында кабыл алынган чечимине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу'' токтомунун № 1 тиркемесиндеги 37, 41, 42, 48, 51-пункттарындагы мамлекеттик тилде "эки" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |