Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 23-июлу № 04-13/247
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жайыт жерлерин сактоо, жакшыртуу, өнүктүрүү жана алардын продуктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 13-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу” буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– төмөнкү мазмундагы 11-14 -пункттар менен толукталсын:
“11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын:
– жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү.
12. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча): – мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 буйругу менен бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону жетекчиликке алсын;
– фермерлерди жана мал чарбачылык менен алектенген субъекттерди өз убагында тоют даярдоо жана тоют менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл-тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырсын.
14. Кызмат адамы өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгынын мал чарбасы боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмү:
– расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– бул буйруктун көчүрмөсүн 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мал чарба тармагын тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр |
| Б.Э. Торобаев |