Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 82
Жаңы бургуланып бүткөн тик кудуктарды Баткен райондук суу
чарба башкармалыгына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Тик кудуктарды эксплуатациялоодо тийиштүү профилдеги өндүрүштүк адистердин жоктугуна жана эксплуатациялоодо жаралуучу кыйынчылыктарга байланыштуу Баткен облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, курулуп бүткөн Самаркандек айылындагы төмөнкү тик кудуктар мамлекеттик менчигине алынуусуна жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматынын карамагына кайтарымсыз өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин:
- Сары-Үй участкасындагы тик кудук, контур № 283;
- Орто-Сай (падахана) участкасындагы тик кудук, контур № 132;
- Орто-Сай (сай бою) участкасындагы тик кудук, контур № 145;
- Жайылма участкасындагы тик кудук, контур № 508.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына ( Пазылов З.) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновго милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимов |