АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15/50
“Геостарт плюс” Жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, атуулдардан түшкөн арыздары боюнча, билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Геостарт плюс” Жоопкерчилиги чектелген коом ишканасынын директору Бактыбек Мамазаировдун арзынын негизинде Көк-Кыя участкасындагы баштагы “Жер Кенчи”жоопкерчилиги чектелген коомкен казып кеткен жеринен, өнөр жай аппартын жана жатаккана өндүрүшкө пайдалануу үчүн 8(сегиз) га жер аянттын убактылуу ижарага келишимдин негизинде берүү жагы каралсын. .
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Жолдубай уулу Жоомартка милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |