Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 83
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 83
Самаркандек айыл аймагынын Жаңы - Бак, Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын АРИС уюму менен түзүлгөн кызматташтык келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4,5-бөлүмчөлөрүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу менен Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда тузүлгөн кызматташтык келишим бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынбашкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына ( Бердибаева М.) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновго милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимов |