Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы

 

2023-жылдын 12-майы № 15/51

 

Үч эм эгиздерине жардам берүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, атуулдардан түшкөн арыздары боюнча талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айылына караштуу Ак-Сай айылынын тургуну Талантбек кызы Алтынбүнүн,Таң-Шоола балдар бакчасына барган үч эм эгиздеринин бирөөсүнүн төлөмүнө жардам берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Жолдубай уулу Жоомартка милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык коргоо комитетинин төрагасы Т.Өмүралиевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

У.А.Курманбеков