АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15/52
2023-жылга карата Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылынын тургундарынан жана мекеме-ишканаларынан келип түшкөн кайрылуулары, арыздары боюнча талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын мукаждыктарнна байланыштуу 2023-жылдын бюджеттинин киреше чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, 70111 “Башкаруу апарат” бөлүмүнөн 2215 “Башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу” -беренесинен төмөнкү муктаждыктар боюнча жылдыруу жагы айыл өкмөттүн буйругунун негизинде каралсын.
- “Коопсуз айыл “ Сырткы видео байкоо орнотууга 126 400 (бир жүз жыйырма алты миң төрт жүз) сом
- А.Осмонбеков мектебинин 100 жылдык маарекесин колдоо жана ар кандай иш чара өткөрүү максында сахна жасоого 86 725 (сексен алты миң жети жүз жыйрма беш) сом
- Таң-Шоола балдар бакчасын ремонтуна 40 000 (кырк миң) сом
- О.Асанов маданият үйүнө көмүр алууга 40 000 (кырк миң) сом
- Айыл өкмөттүн компьютерлерин оңдоого 50 000 (элүү миң) сом
- Долбоорлого өздүк салым үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом
- К.Шеркулов мектебинин электр чубалгыларын жаңыртуу үчүн 18 500 (он сегиз миң беш жүз) сом
- Н.Рыскулов мектебине жылуулук системасын орнотууга кошумча 100 000 (жүз миң) сом
- Г.Сейиткуов маданият үйүнө музыкалык аппаратурага кошумча 30 000 (отуз миң) сом
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Жолдубай уулу Жоомартка милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Изираил уулу Тыналыга милдеттендирилсин.
Төрага | У.А.Курманбеков |