Сравнение редакций…
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтомуна) |
Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн сатып алуу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) этил спиртинин атайын керектөөчүлөрү (мындан ары - атайын керектөөчүлөр) - этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар;
2) каттоо баракчасы - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканаларга аны сатууга укук берүүчү документ.
3. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү кошпогондо, этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн сатып алуу түздөн-түз этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан белгиленген квоталардын негизинде атайын керектөөчүлөр жана этил спиртин техникалык максаттар үчүн пайдалануучу субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Квота атайын керектөөчүлөрдүн, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин этил спиртин керектөөсүнүн ар жылдык көлөмүн аныктайт.
5. Алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн этил спиртин сатып алуу алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан түздөн-түз этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо баракчаларында көрсөтүлгөн негизде жана көлөмдө жүргүзүлөт.
6. Каттоо баракчасынын колдонуу мөөнөтү берилген күндөн тартып 30 күндү түзөт.
7. Этил спиртин сатып алууга квоталарды тариздөө (бөлүү) жана каттоо баракчаларын берүү үчүн атайын керектөөчүлөрдөн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттерден, ошондой эле алкоголдук тармактын ишканаларынан акы алынбайт.
2-глава. Этил спиртин керектөөгө квоталарды бөлүштүрүү тартиби
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июндан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) этил спиртин өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматты алардын жайгашкан жерин жана чыгарылуучу продукциянын түрлөрүн көрсөтүү менен жиберип турат.
9. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү кошпогондо, этил спиртин керектөө квоталарынын жылдык көлөмү атайын керектөөчүлөрдүн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин келерки жылга карата квартал боюнча бөлүштүрүлгөн этил спиртин керектөөнүн пландалган көлөмүнө өтүнмөлөрүнүн негизинде аныкталат.
10. Ушул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча негизделген эсептөөлөр менен этил спиртин сатып алууга атайын керектөөчүлөрдүн өтүнмөлөрү учурдагы жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө медициналык муктаждыктар үчүн - дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык муктаждыктар үчүн - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү муктаждыктары үчүн - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин этил спиртин сатып алууга өтүнмөлөрү ушул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча негизделген эсептөөлөр менен учурдагы жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
12. Дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын керектөөчүлөр боюнча келерки жылга этил спиртин керектөөнүн көлөмдөрү боюнча жыйынды өтүнмөлөрдү ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча 1-декабрдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
13. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин жыйынды тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
14. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин жыйынды тизмегине өтүнмөлөрдүн келип түшүшүнө жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилет.
3-глава. Атайын керектөөчүлөргө жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттерге этил спиртин берүү же берүүдөн баш тартуу тартиби
15. Этил спиртин алуу үчүн атайын керектөөчүлөр жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттер этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалар менен этил спиртин берүүгө келишим түзөт жана этил спиртин берүүгө эркин формада таризделген арыз менен кайрылат.
16. Этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалардын спиртти берүүдөн баш тартуусунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишкана менен этил спиртин берүүгө келишимдин жоктугу;
2) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан тиешелүү лицензиясынын жоктугу;
3) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан тиешелүү лицензиясын токтото туруу же чакыртып алуу;
4) медициналык, ветеринардык максаттар үчүн этил спиртин сатып алууга белгиленген квоталарды ашыруу;
5) "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте алынган этил спиртин башка багытта пайдалануу фактысы аныкталса.
17. Этил спиртин берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негиздүү болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
4-глава. Каттоо баракчасын берүү жана аны берүүдөн баш тартуу тартиби
18. Алкоголдук тармактын ишканасы каттоо баракчасын алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берет:
1) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо баракчасын берүү жөнүндө арызды;
2) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишкана менен этил спиртин берүүгө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн.
19. Каттоо баракчасын кароо жана берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
20. Каттоо баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишкана менен этил спиртин берүүгө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүнүн жоктугу;
2) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан же алкоголдук продукцияны өндүрүүчү ишканадан тиешелүү лицензиянын жоктугу;
3) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан же алкоголдук продукцияны өндүрүүчү ишканадан тиешелүү лицензияны токтото туруу же чакыртып алуу;
4) "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте мурда алынган этил спиртин максатсыз пайдалануу фактысы аныкталса.
21. Каттоо баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негиздүү болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
22. Этил спиртин сатууга каттоо баракчасынын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) каттоо баракчасы берилген мөөнөт аяктаганда;
2) сатууга каттоо баракчасы берилген этил спирти толук көлөмдө пайдаланылганда;
3) алкоголдук тармактын ишканалары кайра уюштурулганда же жоюлганда.
5-глава. Корутунду жоболор
23. Этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканаларда этил спиртин сатууну, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттар үчүн максаттуу пайдаланууну контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
24. Этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалар күн сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып өткөрүлгөн спирттин көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды берет.
25. Этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн максаттуу пайдаланууну контролдоо дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынын тиешелүү түрдө компетенцияларынын чегинде жүзөгө ашырылат.
26. Квоталардын пайдаланылбаган көлөмдөрү кийинки жылга өткөрүлбөйт.
27. Дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттар жана парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу субъекттер ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча этил спиртин пайдалануу жөнүндө ар кварталдык отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
28. Отчеттор отчеттук мезгилден кийинки ар бир айдын 15инен кеч эмес мөөнөттө берилет.
29. Дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген отчетторунда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
30. Этил спиртин тиешелүү каттоо баракчасы жок же ушул Жобонун талаптарын бузуу менен сатуу же пайдалануу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
|
| Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Этил спиртин сатууга № ______ каттоо баракчасы 20___-жылдын "___" _____________ Бишкек ш. __________________________________________________________________________________________________ (этил спиртин өндүрүүчү уюмдун аталышы) __________________________________________________________________________________________________ (юридикалык дареги, жайгашкан жери) __________________________________________________________________________________________________ (этил спиртинин сорту) көлөмү ________________________________________________________________ декалитр суусуз спирт төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн _____________________________________________________________________________________________ этил (этил спиртин сатып алуу максаты) спиртин сатууга уруксат берилет __________________________________________________________________________________________________ (этил спиртин керектөөчүнүн аталышы) __________________________________________________________________________________________________ (юридикалык дареги, жайгашкан жери) Каттоо баракчасынын колдонуу мөөнөтү 30 күндү түзөт.
______________________________________________ (кызмат орду, Ф.А.А., колу) М.О. |
|
|
| Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| "Бекитемин" Директор ___________________________________ М.О. (юридикалык жактын аталышы) ____________________________________________ (Ф.А.А., колу) 20___-жылдын "___" _____________ |
Жумуштарды жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө этил спиртин керектөө ЧЕНЕМИ
№ | Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | 1 бирдикке этил спиртин керектөө ченемдери (литр) | Ченемдик документке шилтеме |
1 |
|
|
|
Колу _____________________________________________________________ (жооптуу адам)
|
| Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
______________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы) этил спиртине болгон муктаждыгын эсептөө 20___-жылга карата
№ | Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Жылына кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумуштардын саны | 1 бирдикке этил спиртин керектөө ченемдери (литр) | Жылына этил спиртине болгон муктаждык (литр) |
1 |
|
|
|
|
_________________________________________ (кызмат орду, Ф.А.А., колу)
М.О.
|
| Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
20___-жылга карата этил спиртин алууга укугу бар атайын керектөөчүлөрдүн ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдун аталышы | Дареги | Талап кылынган көлөм (литр) | I квартал | II квартал | III квартал | IV квартал |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
_______________________________________________ (кызмат орду, Ф.А.А., колу)
М.О.
|
| Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
|
| Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ___________________________________________ ___________________________________________ (жактын аталышы) |
АРЫЗ ___________________________________________________________________________________________ уюмдан (этил спиртин өндүрүүчү уюмдун аталышы) _________________________________________________________________________________________________, (юридикалык дареги, жайгашкан жери) төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн ____________________________________________________________________ (этил спиртин сатып алуу максаты) ______________________________________________________________________________________ этил спиртин (этил спиртинин сорту) көлөмү ______________ декалитр суусуз спирт түрүндө сатып алууга каттоо баракчасын берүүнү өтүнөм.
|
|
|
| Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ 20___-жылдын _______ кварталы үчүн
№ | Уюмдун аталышы | Дареги | Бөлүнгөн квотанын көлөмү (литр) | Отчеттук мезгилге белгиленген квота (литр) | Алынган этил спиртинин иш жүзүндөгү көлөмү (литр) | Этил спиртинин калдыгы (литр) |
1 |
|
|
|
|
|
|
____________________________________________ (кызмат орду, Ф.А.А., колу)
М.О.
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтомуна) |
Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн сатып алуу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) этил спиртинин атайын керектөөчүлөрү (мындан ары - атайын керектөөчүлөр) - этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар;
2) каттоо баракчасы - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканаларга аны сатууга укук берүүчү документ.
3. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү кошпогондо, этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн сатып алуу түздөн-түз этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан белгиленген квоталардын негизинде атайын керектөөчүлөр жана этил спиртин техникалык максаттар үчүн пайдалануучу субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Квота атайын керектөөчүлөрдүн, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин этил спиртин керектөөсүнүн ар жылдык көлөмүн аныктайт.
5. Алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн этил спиртин сатып алуу алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан түздөн-түз этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо баракчаларында көрсөтүлгөн негизде жана көлөмдө жүргүзүлөт.
6. Каттоо баракчасынын колдонуу мөөнөтү берилген күндөн тартып 30 күндү түзөт.
7. Этил спиртин сатып алууга квоталарды тариздөө (бөлүү) жана каттоо баракчаларын берүү үчүн атайын керектөөчүлөрдөн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттерден, ошондой эле алкоголдук тармактын ишканаларынан акы алынбайт.
2-глава. Этил спиртин керектөөгө квоталарды бөлүштүрүү тартиби
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июндан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) этил спиртин өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматты алардын жайгашкан жерин жана чыгарылуучу продукциянын түрлөрүн көрсөтүү менен жиберип турат.
9. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү кошпогондо, этил спиртин керектөө квоталарынын жылдык көлөмү атайын керектөөчүлөрдүн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин келерки жылга карата квартал боюнча бөлүштүрүлгөн этил спиртин керектөөнүн пландалган көлөмүнө өтүнмөлөрүнүн негизинде аныкталат.
10. Ушул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча негизделген эсептөөлөр менен этил спиртин сатып алууга атайын керектөөчүлөрдүн өтүнмөлөрү учурдагы жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө медициналык муктаждыктар үчүн - дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык муктаждыктар үчүн - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү муктаждыктары үчүн - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин этил спиртин сатып алууга өтүнмөлөрү ушул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча негизделген эсептөөлөр менен учурдагы жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
12. Дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын керектөөчүлөр боюнча келерки жылга этил спиртин керектөөнүн көлөмдөрү боюнча жыйынды өтүнмөлөрдү ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча 1-декабрдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
13. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин жыйынды тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
14. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин жыйынды тизмегине өтүнмөлөрдүн келип түшүшүнө жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилет.
141. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин парфюмердик-косметикалык жана/же дезинфекциялоочу продукцияны өндүрүү, ошондой эле техникалык максаттар үчүн пайдалануучу субъекттердин тизмегине киргизүүгө өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү документтер жана маалыматтар берилген учурда каралат:
1) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбастан, продукциянын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигине этил спиртинин чыгымдарынын ченемдери камтылган өндүрүштүн технологиялык регламенти (технологиялык нускама/карта) же андан көчүрмө;
2) арыз ээсинде адистештирилген жабдуунун бар экендигин ырастаган документтер (менчик укугунда жана/же ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун башка мыйзамдуу негизинде);
3) парфюмердик-косметикалык жана/же дезинфекциялоочу продукцияны өндүрүү үчүн белгиленген санитардык ченемдерге жана эрежелерге өндүрүштүк жайлардын шайкештигин ырастаган документтер (мындай максаттар билдирилсе);
4) этил спиртинин суралган көлөмүнүн болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарга шайкештигин баалоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн өндүрүштүк кубаттуулуктарды кароо актысы.
Коммерциялык сырды камтыган маалыматтар жана документтер Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет жана сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт:
1) кароо арыз ээсинин катталган өтүнмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт;
2) арыз ээсине кароонун датасы жана убактысы жөнүндө 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кабарланат;
3) кароонун жыйынтыгы боюнча 2 нускада акт түзүлөт, анын бири арыз ээсине тапшырылат (жөнөтүлөт);
4) актыда кароонун датасы жана жери, катышуучулардын курамы, каралган жайлардын жана жабдуулардын тизмеги, этил спиртинин билдирилген көлөмдөрүнүн болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө тыянак көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин кароого жол берүүдөн баш тартуусу же кароого мүмкүнчүлүк бербөөсү акт менен белгиленет жана жыйынды тизмекке киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Атайын керектөөчүлөргө жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттерге этил спиртин берүү же берүүдөн баш тартуу тартиби
15. Этил спиртин алуу үчүн атайын керектөөчүлөр жана этил спиртин техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттер этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалар менен этил спиртин берүүгө келишим түзөт жана этил спиртин берүүгө эркин формада таризделген арыз менен кайрылат.
16. Этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканалардын спиртти берүүдөн баш тартуусунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишкана менен этил спиртин берүүгө келишимдин жоктугу;
2) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан тиешелүү лицензиясынын жоктугу;
3) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан тиешелүү лицензиясын токтото туруу же чакыртып алуу;
4) медициналык, ветеринардык максаттар үчүн этил спиртин сатып алууга белгиленген квоталарды ашыруу;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган этил спиртин максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу фактысы аныкталса.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Этил спиртин берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негиздүү болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
4-глава. Каттоо баракчасын берүү жана аны берүүдөн баш тартуу тартиби
18. Алкоголдук тармактын ишканасы каттоо баракчасын алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берет:
1) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо баракчасын берүү жөнүндө арызды;
2) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишкана менен этил спиртин берүүгө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн.
19. Каттоо баракчасын кароо жана берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
20. Каттоо баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишкана менен этил спиртин берүүгө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүнүн жоктугу;
2) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан же алкоголдук продукцияны өндүрүүчү ишканадан тиешелүү лицензиянын жоктугу;
3) этил спиртин өндүрүүчү мамлекеттик ишканадан же алкоголдук продукцияны өндүрүүчү ишканадан тиешелүү лицензияны токтото туруу же чакыртып алуу;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган этил спиртин максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу фактысы аныкталса.